Маал-маалы менен бийликке акаарат келтирип, сындай жүргөн оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр акыркы күндөрү тунжурай түштү. Кыргыз оппозициясын «ички биримдиги жок, жон терисинин кызыкчылыгы менен ойлонгон саясатчылар» катары көргөн пикирлер буга чейин айтыла жүргөн. “Бүгүнкүдөй кырдаалда оппозициялык күчтөр алсырады жана алардын көбү жеке керт башынын мүдөөсүн ээрчип кетип, нагыз турпатын көрсөтүштү” деген өңдүү сын пикирлер айтылууда. «Келечек долбоору» фондунун президенти Ишенбай Абдуразаков бүгүн жарык көргөн «Республика» гезитиндеги маегинде “оппозиция бизде абдан ийкем, алардын көбүнө мамлекеттик сыйлык же кызмат берип койсо, өз саясий турумунан тайып кетет” деп билдирди.
Башмыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин оппозициянын үн катпай калышын бир топ коомдук ишмерлер бийликке каршы сүйлөп келген саясатчылардын учурдагы бийликке ыктап, анын ишке ашырып аткан саясатына моюн сунушу катары баалашат. Алардын бири - депутат Тайырбек Сарпашев. Анын оюнда, айрым саясатчылар өздөрү тутунуп келген идеяларын жеке кызыкчылыкка алмаштырып коюшту:
- «Сатылып кетти» десем катуураак болуп калаар. Айрым саясатчылардын көздөгөн жеке максаттары болгон. Алар саясий чөйрөдө тутунуп келген идеяларын ошол жеке кызыкчылыктарына алмаштырып коюшту. Азыр алардын бир тобу унчукпай дымып калды.
Референдумдан кийин Башмыйзамга ылайык саясий партиялар парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен ат салыша албай калышты. «Эрк» партиясынын лидери Жыпар Жекшеев, оппозициялык жээктеги партиялар үчүн бул абдан күтүүсүз болуп, бир топ саясатчылар дендароо боло түшкөнүн айтат:
- Партиялык тизме менен парламентке ат салышуу саясий партиялар үчүн чоң стимул болчу. Референдумдан кийин абдан оор, жаман кырдаал түзүлдү. Бир топ саясатчылардын иштегенге көңүлдөрү келбей, шалдая түшүштү.
Деги оппозициячыл саясий партиялар унчукпай отуруп алып эмне иш менен алектенип атышты экен? Коммунисттик партиянын лидери Абсамат Масалиевдин айтымында, оппозиция алсыраган жок, болгону саясий программаларына дагы бир сыйра көз жүгүртүп, Башмыйзамга киргизилген өзгөрүүлөргө ылайыкташып жаңыча иштөөнүн чоо-жайын такташууда. Масалиев мырза «мындан ары оппозиция ого бетер күчтөнөт» деп ишендирди. «Жок, биз тетирисинче катуу иштеп атабыз. Болгону бийликке сын айткыдай олуттуу деле окуя болгон жок» дейт ал.
Конституциянын жаңы редакциясынын үстүндө иштеген комиссияны жетектеген юрист Чолпонкул Арабаевдин пикиринде, бийликке акаарат айтып келген саясатчыларды Башмыйзамга кирген өзгөртүүлөр муютуп, референдумда бийлик бутактарына берилген тең салмактуулук саясий чөйрөдөгү чыңалууга суу септи. Ч. Арабаев «оппозициялык маанайдын солгундашына Ирактагы согуш жана бейкүнөө адамдарды набыт кылган табигый кырсыктар да өз таасирин тийгизүүдө» дейт.
Кыргыз оппозициясындагы саясатчылардын көбү жылаңач баатырлар, бир кыйласынын чөнтөгү жука. Каражаттын жоктугунан бул саясий күчтөр бир топ идеяларын турмушка ашыра албай атканын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязов белгиледи. Демократиялык мамлекеттерде кадыресе көрүнүшкө айланган оппозициялык күчтөрдүн өз гезитине ээ болушу азырынча куру кыял бойдон калууда. Кыргызстанда оппозициячыл саясатчылардын өз басылмасы аркылуу элге оюн жеткирүүгө каражаты жок. Коммунисттик партиянын «Акыйкат» гезити кендирди кескен кедейчиликтин айынан чыга албай турат.
Азыр Кыргызстанда оппозициячыл саясий күчтөр бир нече түргө бөлүнүп калды. «Арнамыс» партиясынын лидери Эмил Алиев, азыркы оппозиция бийлик менен өз ара мамилесине карата «оңчул» жана «солчул» болуп бөлүнөөрүн билдирди. Ал эми Турсунбек Акундун сөзү боюнча, ал өзү радикалдык оппозицияга кирет. Турсунбек мырзанын билдиргенине караганда, радикалдык оппозицияга тиешелүү Азимбек Бекназаров, Клара Ажибекова, Алевтина Проненко өңдүү саясатчылар 23-апрелде чогулуп, өздөрүнчө өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча пикир алмашып, мындан аркы ишин талкуулашмакчы.