Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Польша Европа өлкөлөрүнө үлгү көрсөтүүдө


Польша Европа өлкөлөрүн, анын ичинде Ирактагы согушка каршы чыккан Германияны эл аралык тынчтык күчтөрүнүн Иракты стабилдештирүү миссиясына кошулууга чакырды жана польшалык жоокерлер Ирандын бир аймагындагы тынчтыкты германиялык жана даниялык аскерлер менен чогуу камсыздасын деп сунуш кылды.
Мындай аскерий бөлүктү, Польшанын коргоо министри Ежи Шмайдзинсинин сөзүнчө, азыр Польшанын түндүк батышында жайгашкан НАТОнун польшалык-германиялык-даниялык биргелешкен күчтөрүнүн негизинде түзсө болот.
Польшанын тышкы иштер министри Влодзимир Симошевич Вашингтондо АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен жолугушкандан кийин Европа өлкөлөрүн Иракта тынчтыкты камсыздоого активдүү катышууга үндөдү:

- Биз мүмкүн болушунча көбүрөөк чет элдик өнөктөрүбүздү Иракты стабилдештирүүдө бизге кошулууга чакырышыбыз керек жана Польша кырдаалдын ушул нукта өнүгүүсүнө аябай кызыгат. Биз мүмкүн болсо бардык эле европалык өнөктөрүбүздүн биз менен чогуу иштөөсүн каалар элек.

Бирок, Симошевич польшалык күчтөр Ирактагы тынчтык миссиясын баштагандан мурда, Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Польша өкмөтүнө жаңы мандат берүүсү зарыл деп эскертти.

Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Коопсуздук кеңешинин жаңы мандаты жөнүндөгү АКШ өкмөтүнүн пикири тууралуу эч кандай маалымат бербеди.

Болгария июндун орто ченинде Иракка 450 жоокер жөнөткөнү жатканын шейшемби күнү эртең менен жарыя кылган.
Украина болсо Ирактагы АКШ жетектеген стабилдештирүү күчтөрүнүн курамына аскер жөнөтүү өтүнүчүн алганын билдирген.

АКШлык ырасмий адамдар ирактык топтор менен Саддам Хусейнден соңку Ирактын өкмөтүн түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Ирактын мурдакы тышкы иштер министри Эднан Пачачи 30 жылдан көп сүргүндө жүргөндөн кийин мекенине кайтып келди.
Күртистан демократтык партиясынын жетекчилигинин маалымдашынча, Пачачи мекенине Дубайдан учуп келген.

XS
SM
MD
LG