Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮ SARS ООРУСУНА БАЙЛАНЫШТУУ КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕК АРАЛАРЫН ЖАБУУДА


Бакыт Аманбаев, Прага Кытайда өнөгөсүз өпкө оорусуна чалдыккандардын саны барган сайын көбөйүүдө. Мындай жугуштуу илдеттен сактануу максатында айрым Борбор Азия өлкөлөрү Кытай менен чек-араларын жаап, айрымдары чек ара бекеттерине күчөтүлгөн медициналык текшерүү коюшкандыгын кабарлашты.

Кытайда пайда болгон өнөгөсүз өпкө оорусунан дүйнө жүзү боюнча 500дөй адам каза болуп, 7 миңге жакын адам оорунун вирусун жуктуруп алгандыгы кабарланууда. 7-майда мындай оорудан Гонконгдо он бир, Кытайдын башка шаарларында беш, анын ичинде Тайванда эки адам мерт болду.

Коркунучтуу илдеттин миллиарддаган калкы бар Кытайда тез жайылышы аталган өлкөгө коңшулаш жайгашкан Борбор Азия өлкөлөрүн да тынчсыздандырбай койгон жок. Азырынча бул өлкөлөрдө өнөгөсүз өпкө оорусуна чалдыккан адам каттала элек. Ошондой болсо да жугуштуу оорудан сактануу максатында, адегенде Тажикстан, андан соң Казакстан өзүнүн Кытай менен чек-арасын жаап салды.

Тажикстандын Транспорт министри Жусуп Ахмадовдун маалыматына караганда, аталган өлкө Кытайга учуучу бардык аба каттамдарын 20-майга чейин токтотту. Ал эми Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басаары Зиодин Афганов коркунучтуу илдетке каршы көрүлгөн чаралар тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына буларды айтып берди:

Биз Тажикстандык жарандарды азырынча өнөгөсүз өпкө оорусу күч алган Кытай, Сингапур, Канада, Вьетнам жана башка өлкөлөргө барбай турууну эскерттик.

Ошондой эле ал Тажик өкмөтү учурда Кытайда окуп жаткан 12 студентин чакырып алууну көздөп жаткандыгын кошумчалады.

Мындан да катуу чаралар Казакстандын расмий бийлиги тарабынан көрүлдү. Казактандын өкмөтү Кытай менен болгон чек араны 20-майга чейин жаап, бардык темир жол, аба каттамдарын утурумдук токтотуу тууралуу токтом кабыл алды. Мындан сырткары, казак өкмөтү Кытайда окуган 67 студентти, Казакстандын Кытайдагы элчилигинде иштеген 24 кызматкерди жана ар кандай жумушта иштешкен 13 жаранды өз өлкөсүнө чакыртып алды. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Жаксылык Доскалиевдин айтымында, бардык Кытайдан келген жарандар адегенде бир аптадан ашуун медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Ал үчүн казак өкмөтүнүн көмөгү менен 1,3 миллион доллар акчага коркунучтуу ооруну аныктай турган медициналык жабдуулар сатып алынды. Мындан сырткары казак өкмөтү респпубликалык бюджеттен мына ушу максатта дагы 200 миллион теңге бөлүүгө убада берди, - дейт Доскалиев.

Ал эми Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министирлиги 8-майда Кытай менен аба каттамдарын, автоунаа өтүүчү кыргыз-кытай чек ара бекеттерин убактылуу жабуу сунушу менен өкмөткө кайрылды. Азырынча кыргыз өкмөтү бул максатта кандай чараларды көрөрү белгисиз.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык текшерүү бөлүм башчысынын орун басары Нурболот Усенбаев “Азаттыктын” кабарчысына берген интервьюсунда соңку айлары Кытайда аба, темир жол каттамдары жана автоунаа менен келген жүргүнчүлөр медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп жаткандыгын кабарлаган.

Жогорудагы бийлик өкүлүнүн айтканын жакында эле Бээжинден келген атын атагысы келбеген студент кыз туура эмес деп четке какты. “Азаттыктын” кабарчысына ал Кытайдын ар түрдүү шаарларынан келген жүргүнчүлөр Бишкек аба майданында эч кандай медициналык текшерүүсүз өтүп жаткандыгын айтып капаланды:

- Мени таң калтырган нерсе Кытайдан, Үрүмчүдөн келген кытай жарандарын текшеришкен жок. Менин оюмча, коркунучтуу ооруну жугузуп алган жарандар болсо, алар эч тоскоолдуксуз чек арадан өтүп кете алышат. Ошондуктан аларды текшерип, чек араны бир канча убакытка жаба турса деле жакшы болот эле.

XS
SM
MD
LG