Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

АРА ЖОЛ: АЛДЫГА КЕТСЕҢ – ДЕМОКРАТИЯ, АРТКА ЖЫЛСАҢ – ДИКТАТУРА


Өлкөдөгү реформалар жайында кеп болгондо, кыргыз коому башынан эле демократиялык салтка жакын экени, атүгүл «кыргыз демократиясы тоодон түшүп келгендиги» тууралуу пикирлер арбын айтылат. Анткен менен азыркы кыргыз коому жалпы улуттук кызыкчылыкка кызмат кылчу орток идеяны алып чыга элек. Демократияны кыргыз коомунун ар кыл катмары өз алдынча түшүнөт.

Кыргызстандагы демократиянын абалы туурасында кеп кылганда, адатта жанаша жашаган Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстандын тажрыйбасын мисалга тартып, ортого параллель жүргүзүү көнүмүшү күчтүү. “Демократия аралчасынын” бул жагынан мактоого арзырлык үлгүсү жыл санап азайгандан-азайып баратат. Азыркы президент Конституциядан илинчек таап “үчүнчү мөөнөткө” кызматына шайлангандан кийин Батыш өлкөлөрү турмак кыргыз маалымдоо каражаттары да “демократия аралчасы” аталышын оозанбай калышкан. Коррупциянын ооздугун тартуу амалында Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешин, демократияны коргош үчүн Демократиялык коопсуздук кеңешин түзүү менен алектенген бийликтин Кыргызстанды “адам укугун барктаган өлкө” катары жарыялашы калк арасында колдоого алына элек.

“Келечек долбоору” саясий изилдөөлөр фондун негиздөөчүлөрдүн бири Муратбек Иманалиев “азырынча кыргыз коому өз алдынчалыктын жооптуулугун сезе элек” деген пикирде. Анын айтымында, азыркы кыргыз коому тууралуу кеп кылганда, ага мүнөздүү бир жагдайга токтоло кетүү абзел.

- Кыргыз коомун салттуулукту бекем сактаган коом катары мүнөздөш да кыйын,- дейт Муратбек Иманалиев. - Ошол эле учурда аны либералдуу коом деп айтыш деле мүмкүн эмес. Кыргыз коому эки анжы, ара жолдогу коом. Анткени, ал толугу менен саясий, экономикалык багыттарын жоготуп алды. Себеп дегенде, мамлекет коомдун экономика, маданият, саясат жагынан жапырт өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзчү бирдиктүү идеяны алдыга сүрөп чыга албады. Кыргызстандын саясатын жүргүзчү саясий-интеллектуалдык элита өз ара дегеле коошпогон, карама-каршылыктуу идеялардын этегин кармап келатат. Элита дегендин бир тобу либералдуу экономиканы, демократияны жактырса, калган бөлүгү большевиктик социализмди каалайт, калганы чала-чарпыт жашырылган улутчулдуктун камчысын сүйрөп жүрөт.

Муратбек Иманалиевдин айтымында, жалпы улуттук идеянын жоктугу демократиянын бүгүнкүсү менен эртеңкисин опуртал абалга кептелтет, ортодон капыс чыккан кайсы бир күмөндүү идеяны көпчүлүктүн ээрчип кетүү коркунучу бар. Эгер мындай жагдай дагы кала берсе, жалпы улуттук кызыкчылыктын жоктугу кыргыз коомунун ич ара жиктелүүсүн күчөтүшү мүмкүн. Экономикалык негизге караганда саясий надстройкага өзгөчө маани берген азыркы кыргыз бийлигин өлкө болочогун тумандаткан идеялык коркунуч анчалык кооптонто элек.

Азырынча бийлик тарапкерлери президент А.Акаевдин кызмат ордун узак мөөнөткө канткенде сактап калуунун амалын ойлоп отурушкан чагы. Ошондон Ошто чогулган жаштар президенттин бийлик мөөнөтүн узартып коюу демилгеси менен чыгып отурушпайбы. Кыргыз коомунда бийликтин мыйзамдуу жол менен алмашаарына ишенгендерге караганда ишенбегендер арбын. Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин Чыгыш тилдери институтунун директорунун орун басары Абдырахман Алымбаев “Кыргызстанда бийлик мыйзамдуу жол менен алмашат” деген пикирде.

- Конституцияда “бир адам президенттик кызматка эки мөөнөт гана шайланууга акысы бар” деп жазылган, - дейт Абдырахман Алымбаев. - Ушул принцип так сакталышы керек. Биринчи президент аны бузуп, үчүнчү, төртүнчү мөөнөттөргө кала турган болсо, кийинки президенттерге жаман жөрөлгө түзүлүп калат. Биздин өлкөнүн азыркы президенти тууралуу сөз кылсак, ал конституциялык негизде бийлигин экинчи президентке өткөрүп берет деп ойлойм.

Президент А.Акаевдин бийик кызматтагы “үчүнчү мөөнөтү” соңуна чыгып бараткан чакта, кыргыз коому анын канчалык деңгээлде демократияга берилгендигин аныктаган сыноо уюштурмай болуп калды шекилдүү. Оштогу студенттердин эл аралык форумунун катышуучуларынын кайрылуусу - андай сыноонун алгачкысы гана. Артынан кадырлуу аксакалдар, президенттик реформаны 2010-жылы аягына чейин чыгарып кетишин өтүнгөн “демократ ак жоолукчандар” чыкпайт деп эч ким ишенимдүү айталбайт. Себеп дегенде, азыркы кыргыз коому үчүн Башмыйзамды бекем сактоо анчалык деле маанилүү эмес.

XS
SM
MD
LG