Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:42

Таласта үчүнчү инвестициялык матрицага арналган семинар болду


ТАЛАС. Облус аймагындагы ишкерлер жана мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү катышкан семинарда, чет элдик инвестицияны тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин атайын өкүлүнүн катчылыгынын, ТАСИС долбоорунун, ПРООНдун, Финансы министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин адистери чыгып сүйлөшүп, чет элдик инвестицияларды тартуунун абалы туурасында айтып беришти. Талас облусунда ушул мезгилге чейин чет элдик инвестицияны тартуу начар абалда. Ушул себептен улам элдин жашоо деңгээли көтөрүлбөй, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Талас облусунда жакыр жашагандардын деңгээли калктын 56,2% түзгөндүгү айтылды. Бул Нарын облусунан кийинки эң төмөнкү көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG