Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Бишкекке Австриянын ички иштер министри келди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Австриянын ички иштер министри Эрнст Штрассер келди. Иш сапарынын учурунда австриялык министр жергиликтүү жетекчилер менен терроризмге, наркотрафикке, мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешип күрөшүү маселелерин талкуулайт. Эрнст Штрассер бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Калмурат Садиев менен кездешип, анда өз ара кызматташтык тууралуу келишим түзүлдү. Жолугушууда белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Европа Биримдиги Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү чек ара кызматтарынын ишин өркүндөтүш үчүн ТАСИС-Бомфер программасынын алкагында 2003-2004-жылдары 18 миллион евро бөлүүнү көздөп жатат. Бул программанын алкагында уюмдун чек арачыларды даярдоочу окуу жайынын бөлүмүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биринде ачуу маселеси да талкууланууда.

XS
SM
MD
LG