Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Оппозициялык кыймыл аксылык аялдарга, аялдар эл аралык уюмдарга кайрылышты


БИШКЕК. Бүгүн «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы Бишкекте ачкачылык жарыялап олтурган аксылык энелерге кайрылуу жолдоду. Анда «Аксы окуясында каза тапкан жана жарадар болгон жарандардын укугун коргоону, күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылып келген аялдар менен президент Аскар Акаев жолугуп, проблемаларын чече албасы, ден-соолуктарын сакташ үчүн энелер ачкачылык акциясын токтотушу керектиги» айтылган. Кайрылууда «президент аксылыктар менен жолукса да алардын койгон маселелерин оңунан чечүүгө кудурети жетпестиги» белгиленген. Кайрылуу ээлеринин пикиринде, буга бийлик менен эл өкүлдөрүнүн ортосунда 2002-жылдын 12-сентябрында Каракөл шаарында кол коюлган меморандум далил боло алат. «Анткени бийлик ал меморандумда көрсөтүлгөн талаптарды аткарган жок» деп айтылат кайрылууда. Ал эми аксылык аялдар бул күнү АКШнын президентине жана Конгрессине, бардык эл аралык укук коргоочу уюмдарга, Европа Кеңешине, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна кат жолдошту. Анда алар кыргыз бийлиги Аксы окуясында каза тапкан жана жарадар болгон жарандардын адамдык укуктарын басмырлап, күнөөлүүлөрдү жазага тартпай жатканы үчүн ачкачылык жарыялашканын түшүндүрүштү. Кайрылуу ээлери Кыргызстан адам укугу жаатында кол койгон эл аралык келишимдердин талаптарын толук аткарышы үчүн өлкөнүн жетекчилигине таасир көрсөтүүгө чакырышты. Катты ачкачылык жарыялагандардын үчөө АКШнын Кыргызстандагы элчилигине алып барып беришти.

XS
SM
MD
LG