Индия өкмөтү 22-майда тараткан маалыматка караганда, жакында кошуна Пакистандын аймагынан чек арадан өтүүгө аракеттенген 12 куралчан адам атып өлтүрүлдү. Он төрт жылдан бери Индиянын Кашмир аймагында сепаратисттик аракеттерге кошуна Пакистан колдоо көрсөтүүдө деп Индия такай айтып келет.