Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 18:27

Бакы шаарында болгон демонстрацияны милиция күч менен таркатты


Азербайжандын борбору Бакы шаарында 27-майда парламент имаратынын алдында уруксат берилбеген демонстрация болуп, милиция аны күч менен таратты. Демонстрациянын жүзгө жакын катушуучусу - Элдик фронттун төрагасы Али Керимлини парламент сессиясы учурунда өкмөттү колдогон депутаттар мазактаганына каршы чыккан. Демонстрация учурунда 18 адам жарат алып, отузга жакын киши кармалды.

XS
SM
MD
LG