Доналд Рамсфелддин сөздөрүнө ылайык, Иран бийликтери Ирактагы күчтөрдү америкалык жана британдык аскерлерге каршы акцияларга тукуруп жатат. Мындан тышкары Рамсфелд чалгындоо маалыматтарына таянып, Иран алдыдагы он жыл ичинде атомдук куралга ээ болушу мүмкүн деп ырастады. Мындан мурда Кошмо Штаттары Иранды “Ал-Каиданын” террорчуларын баш калкалатып жатканы үчүн айыптаган эле.