Насыя Болгарияга жаңы, замандын талабына ылайык салык топтоо системасын түзгөнгө жардам берет. Банктын жетекчилигинин айтымында, долбор баардык жарандарды салыкты өз учурунда жана толук көлөмдө төлөгөнгө шыктандырууну, салык төлөө системасында айкындуулукту орнотууну, ишкерлердин эркин конкурренциясына бирдей шарттарды түзүүнү көздөйт. Банк долборду ишке ашырууга болгар өкмөтү 29 миллион доллар өлчөмүндө салым кошо турганын билдирет.