Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

БУШТУН ЧЕТ ЭЛДИК САПАРЛАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАКЫНДА БИЛИНЕТ


АКШ президенти Жорж Буш Европа, Орусия, Жакынкы Чыгышта сегиз күнгө созулган сапарын жыйынтыктап, Вашингтонго кайтып келди. Эксперттер Буш бул ирет Орусия менен Жакынкы Чыгыштагы таасирин көрсөтө алды, а бирок АКШ-Европа алакаларын оңдой алган жок дешет.

Байкоочулар Жорж Буштун сегиз күнгө созулган сапарынын башкы жыйынтыгы катары Израиль-Палестина чатагын жөнгө салуу аракетин атап жатышат. Шаршембиде Иорданияда америкалык президент менен жолугушкан жөөт премьери Ариэль Шарон жана палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас эл аралык "Жол картасы" аттуу тынчтык планын аткарууга сөз беришти. Вашингтондогу "Мурас" фондунун өкүлү Нил Гардинер бул сүйлөшүүлөрдү Буштун дипломатиялык жеңиши катары бааласа болот деп эсептейт:

- Менимче, президент Буштун каршылаш эки тарапты маанилүү чегинүүлөргө барууга муюта алганы өтө чоң жетишкендик болду. Эми Израиль менен Палестина ага айткандарын жүзөгө ашыраар-ашырбасын убакыт көрсөтөт. Ошентсе да, америкалык президент Израиль-Палестина чатагын тынч жол менен чечүү мүмкүн экенин айкындап, өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы кадырын жогорулата алды.

Иорданияда Израилдин премьери Ариэль Шарон Жорж Буш менен жолугушуу учурунда палестин аймактарындагы мыйзамсыз жөөт кыштактарын көчүрүп кетүүнү убада кылса, аталган сүйлөшүүлөрдөн кийин палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас бардык арабдарга кайрылып, жөөттөргө каршы куралдуу чабуулдарды токтотууга үндөдү.

Ошол эле учурда Иорданиядагы 3 тараптуу сүйлөшүүлөрдү – саясий театр деп мүнөздөгөн эксперттер да жок эмес. Анын үстүнө 2 премьер чечкиндүү билдирүүлөр жасаганы менен, андан көп узабай жөөт көчмөндөрүнүн жетекчилиги Шарондун сөзүнө ийип, эч ким жер которбойт десе, палестиндердин радикал уюмдары куралыбызды таштабайбыз деп ант беришти. Андыктан, Вашингтондогу саясий изилдөөлөр боюнча Като институтунун эксперти Гален Карпентер Жакынкы Чыгыштагы касташуунун башкы себептери – палестин аймактарындагы жөөт кыштактары, палестин качкындарынын тагдыры, Иерусалим шаарынын статусу – качан чечилээри белгисиз экенине көңүл бурат:

- Биз мындай билдирүүлөрдү буга чейин көп ирет укканбыз, адатта айтылып жүрчү кызматташтык, жерлерди бошотуу, тынчтыкты көздөй чечкиндүү кадамдарды жасоо жөнүндөгү убадалар. Буга чейин андай сөздөр бир нече ай, кээде бир-эки апта ичинде ишке ашпаары дайын болчу. Бул ирет андай болбой калса, мен үчүн өтө таң калычтуу болор эле.

Анткен менен ал Ирактагы согуш Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды түп-тамырынан өзгөрткөнүн, ошондон улам араб лидерлери АКШ президенти менен жолугушуу маалында палестин террорчуларын каржылоо булактарын жоюуга сөз берип жатканын, андан сырткары Израиль өкмөтү Жорж Буштун арачылыгына көбүрөөк ишеним арта баштаганын белгилейт.

АКШнын саясий жана эл аралык изилдөөлөр институтунун өкүлү Жудитт Киппер Иорданиядагы саммит эң кеминде Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды өзгөртө алат деп эсептейт. Киппер айымдын сөзү боюнча, эми ал жерде айтылгандарды ишке ашыруу Жорж Буш үчүн өтө маанилүү, ар-намыска тете иш, анткени ал 2-мөөнөткө шайлануу алдында элдин алдында жүзү жарык болгусу келээри бышык.

Ошентип, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу ишине чечкиндүү киришкен АКШ президенти бирок, өткөн аптада Европада болгон учурунда Ирактагы согушка байланыштуу жарака кеткен трансатлантикалык мамилелерди оңдой алган жок дешет эксперттер. Франциядагы саммитте ал Саддамды кулатуу кампаниясына каршы чыккан француз президенти Жак Ширак менен жылуу учурашып, экөө бири-бирин далыга таптаганы менен, америкалык президент Эвиандан кетээр замат Ширак кайрадан Вашингтондун Иракка карата саясатын кескин сындап кирди. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер болсо, Жорж Буш менен салкын гана кол алышып амандашканы байкоочулардын көз жаздымында калган жок. АКШлык байкоочулар анын алдында президент Буш Орусияда болуп, президент Путин менен жылуу маектешкен соң, Кремль Иран маселесинде артка кетенчиктегенин да Вашингтондун дипломатиялык жетишкендиги катары баалап жатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG