БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилигинин чакыруусуна ылайык кечээ Кыргызстандын Мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов жетектеген делегация АКШга жөнөп кетти. Делегация мүчөлөрү АКШда андагы ислам жамааттарынын жашоо-тиричилиги менен таанышып, кызматташтыктын мындан аркы багыттарын белгилешет. Ал эми мурдагы күнү Мусулмандар башкармалыгына Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин барып, эки өлкөнүн мусулман калкынын жашоо-турмушуна байланыштуу пикир алышты. Бул тууралуу «Кыргызинфо» агенттиги жазып чыкты.