Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

«АРНАМЫС» ПАРТИЯСЫНЫН III КУРУЛТАЙЫНДА ФЕЛИКС КУЛОВДУ ТҮРМӨДӨН ЧЫГАРУУ ТАЛАБЫ КОЮЛАТ


«Арнамыс» партиясы мындан ары президент Аскар Акаев башында турган бийликке оппозиция болоорун ырасмий түрдө билдирди. Лидери Феликс Кулов камакта жаткан партиянын Интернет-баракчасына уюмдун программасынын тезистери жарыяланды. Анда өлкөдө түзүлгөн саясий-экономикалык оор кырдаал партиянын оппозицияга өтүшүнө түрткү бергени башкы себеп катары айтылган. «Арнамыстын» мындан аркы келечегине байланыштуу маселе партиянын 28-июнга белгиленген III курултайында каралышы күтүлүүдө.

28-июнда өтө турган III курултайында «Арнамыс» партиясы бийликтен өз лидери Феликс Куловду абактан бошотууну талап кылат. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев буларды айтты:

- Бул – III курултайда карала турган негизги маселелердин бири. Феликс Куловдун мыйзамсыз камалганы, ошончо жылдан бери абакта жатканы айтылат. Биз азыркы учурда келип жаткан сунуштардын негизинде бийликтин Феликс Куловду бошотуусун талап кылабыз. Буга байланыштуу курултайдын өзгөчө резолюциясы кабыл алынат.

III курултайынын алдында «Арнамыстын» «мындан ары оппозициялык партия болобуз» деп ырасмий түрдө жарыялаган билдирүүсү коомчулук тарабынан бир жактуу кабыл алынган жок. «А эмне, «Арнамыс» буга чейин оппозиция эмес беле?» деп суроо узаткандар көп болду. Чындыгында, лидери Феликс Куловдун түрмөдө жатканына карабай, «Арнамыс» өзүн буга чейин оппозицияга кошпой келген. Бирок коомчулук да, оппозиция да, бийлик да «Арнамысты» оппозициялык партия санайт. «Арнамыстын» штаб башчысы Эмил Алиевдин айтымында, түпкүлүгүндө партия оппозициялык маанайда болуп келгени менен, III курултайда бул ырасмий түрдө жарыяланмакчы:

- Биз башынан эле оппозициялык партия болгонбуз. Бирок, классикалык түшүнүктө кайсы партиялар оппозицияга кирет? Азыр «өлкөбүздө адам укугунан ыйык нерсе жок» деп айтылат жана бардык маселе мыйзам аркылуу чечилүүгө тийиш. «Аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтери эркин, көз карандысыз» делет. Бирок, ал кагаз жүзүндө гана калууда. Турмушта болсо таптакыр башка. Ошондуктан ушул маселелерди III курултайдын күн тартибине киргизип, өзүбүздү ырасмий түрдө оппозициябыз деп жарыяладык. Биздин оюбузча, классикалык түшүнүктө оппозициялык партия бийликтин кемчилигин сындап гана эмес, иштиктүү сунуштарды айтып, аны программасына киргизип, ал максаттардын аткарылышына умтулушу керек.

Партиянын программасында айтылганга караганда, башкаруунун президенттик формасы өзүн майнапсыз, кайтарымы жок система катары көргөздү. «Арнамыс» партиясы коррупциянын тамырын кыркып, кризистен чыгуу максатында Кыргызстанга башкаруунун парламенттик формасын киргизүү ылайык деп эсептейт.

- Президент деле адам, - дейт Эмил Алиев парламенттик республика болуунун артыкчылыктарын санап. - Андыктан анын деле адам катары алсыз жактары, кемчиликтери болот. Ага таасир берип, кысым көрсөтүүгө күчү жеткен адамдар деле болот жана президент алардын сөзүнө кирип кетиши мүмкүн. 75 депутаттан турган парламент өлкөнү башкарса, анча адамды коркутуп же алдап коюш мүмкүн эмес.

Эмил Алиевдин кошумчалаганына караганда, «Арнамыс» партиясы 2005-жылдагы президенттик шайлоого ат салышкандар арасынан «эгер өлкө башчылыгына келип калсам, Кыргызстанга 2-3 жылдан кийин парламенттик башкарууну киргизем» деген талапкерди колдомокчу.

- Парламенттик республикага өтөлү деп жатабыз. Биз ушул идеяны турмушка ашырууга кудурет-күчү жете турган президенттикке талапкерди өстүрүп, даярдоого аракет кылабыз. Эгер биздин партиябыздан андай талапкер шайлоого катыша албай калса, анда биз ушул идеяны жактаган талапкерди колдойбуз, - дейт Эмил Алиев.

Сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылыш үчүн «Арнамыс» өзүнүн бир катар сунуштарын ортого салды. Партия бул үчүн судьяларды тандай турган коомдук комиссия түзүү зарыл деп эсептейт. Коомдук комиссия болсо саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн жана жарандык коомдун лидерлеринен турууга тийиш. Алар тандаган судьялардын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталат да, депутаттар жактыргандан кийин президент тарабынан бекийт.

«Арнамыс» партиясынын көз карашында, экономиканы көтөрүш үчүн Кыргызстан Борбор Азияда банк-финансы каражаттарын сактоочу мамлекетке айланып, туризм тармагын да өнүктүрүүгө тийиш. «Четтен алынган карыздар менен экономиканы оңдоого болбой турганын мезгил көрсөттү» деп айтылат партиянын программасында.

XS
SM
MD
LG