БИШКЕК. «Лукойл» ишканасынын мурдагы башчысы Юсуф Көлбаевдин жесири Чынара Көлбаеванын жарандык тартиптеги арызын кайра кароого Ленин райондук соту 2-июлда кирише турган болду. Чынара Көлбаева күйөөсүнүн өлүмүнө байланыштуу моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөтүп берүү өтүнүчү менен былтыр сотко кайрылып, колдоо тапкан эмес. Бирок, Бишкек шаардык соту апелляциялык арыздын негизинде былтыр 14-июнда кайра кароо тууралуу чечимин райондук сотко жолдогон. Өз арызында Ч. Көлбаева күйөөсүнүн өлүмүнө тиешелүү деп саналган тараптардан 399 млн. 844 сом өлчөмүндө материалдык жана 45 млн. сом өлчөмүндө моралдык чыгым өндүрүп берүүнү соттон суранган. Чынара Көлбаеванын билдиргени боюнча, ал моралдык чыгымдын эсебин Юсуп Көлбаевдин айлык маянасын жана андан түшкөн дивиденддерди кошуп эсептеп чыккан. «Лукойл» ишканасынын башчысы Юсуп Көлбаев 1997-жылдын 21-мартында өз үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн.