- Айдар мырза, Демократиялык коопсуздук кеңешинин ишине каражат кайдан алынат?
- Менин оюмча, демократия, мамлекеттин бүтүндүгү, эртеңки келечеги, өнүгүп-өсүшү үчүн акча бизге эч кандай проблема эмес, ал үчүн акча да, адамдар да, иш да табылат. Ошондуктан биз каражат маселесине көңүл бурбашыбыз керек.
- Демократиялык коопсуздук кеңешинин Жалалабад облустук өкүлчүлүгү ачылаарда сиз «демократия коркунучта турат» дегенсиз. Өлкөбүздөгү демократияга коркунуч келтирген кандай күчтөр бар?
- Азыркы күндө демократияга коркунуч келтирген элементтер өтө көп. Бул - диний экстремизм, саясий экстремизм, улуттук коопсуздук маселелери, дин маселеси, маалыматтык коопсуздук маселеси, кыскасы, азыр коомдук турмуштун бардык тармактарында демократияга коркунуч келтирген элементтер көп. Трайбализм, кыргызчылык, бюрократия, коррупция, кыскасы кыргыздын салт-санаалары дагы демократияга коркунуч келтирет. Себеби, азыркы күндө элибизди жакырчылыкка алып келип аткан эмне? Кыргыздардын салты. Салтыбыз жаңыланып, азыркы кыйынчылыкка жараша жеңилдештин ордуна күндөн-күнгө оорлошуп кетип атат. Той-аш, мааракелер … Кыргыздын бардык эле салты аябай чыгымдуу нерсе. Биз, Демократиялык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, кеңештин өзү, Кудай буюрса, бардык коркунуч келтирген элементтердин, кесепеттердин тамырын кыркып, же болбосо ошол проблема өнүгүп-өсүп кете электе эрте эскертип, убагында маселени чечишибиз керек.
- Коопсуздук кеңешинин Жалалабад, Ош облустарындагы ишинин жүрүшү, таасири байкалабы? Алар кандай проблемага учурап жатышат?
- Уюштуруу маселелери боюнча проблема деле жок. Себеби Ош облусунун губернатору Накен Касиев жакшы колдоп атат. Жалалабаддын губернатору, Баткен облусунун губернатору, райондордун акимдери, жетекчилер колдоп атышат. Демократия үчүн бардыгы колдоп атат.
- Эл ичинде сиз башкарган Кыргызстан жаштар партиясы «президент Аскар Акаевдин мөөнөттүн «Комплекстүү өнүгүүнүн негиздери» программасы аткарылгыча узартууга тымызын кол топтоду» деген сөздөр жүрөт. Ушул сөздөр туурабы?
- Албетте, мен Жаштар партиясынын төрагасы катары жакында өткөн конституциялык реформанын демилгечилеринин бири болгом. «Алдыда конституциялык реформаны сөзсүз жүргүзүшүбүз керек, бул боло турган нерсе, ошондуктан ушуну жүргүзөлү» деп, биз убагында ушул демилгени көтөрдүк, биздин демилге иш жүзүнө ашты. Анан акыркы мезгилде президентибиз Аскар Акаевичтин мөөнөтүн узартуу боюнча, же болбосо анын кайра шайлоого барышы боюнча маселелер көтөрүлдү. Бул боюнча мен өзүмдүн көз карашымды айтканмын. Азыр да көз караштарымды тактап атам. Бул маселе боюнча жакын арада атайын билдирүү менен чыгам. Азырынча мен бул маселени айтпай турайын. Атайын билдирүү жасап, өзүбүздүн көз карашыбызды билдиребиз. Ошол боюнча, эгер биз көтөргөн идея туура болсо, менин оюмча, кыргыз мамлекети дагы, элибиз дагы утушка ээ болот.