БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйыны XV сессиясын аяктады. Акыркы отурумунда сессия жаратылыш кырсыктарынын алдын алууну жана анын кесепеттерине каршы күрөштү талкуулап, токтом кабыл алды. Анда өкмөттүн бул багытта жүргүзгөн иштери жетишсиз деп бааланды. Ал эми кышка даярдыкка байланышкан маселе күзгү сессияга калтырылды. Сессияда күн тартибине киргизилген 62 маселенин басымдуу бөлүгүн палата карап бүттү. Алардын катарында электр энергия тарифтерине, Улуттук Банктын ишине, өлкө коопсуздугуна байланышкан маселелер бар.