БИШКЕК. Ишемби күнкү «Өнөктөштүк форумуна» сунушталчу маселелерди саясий партиялар бүгүн талкуулашты. Талкууга 17 партиянын өкүлү катышып, алар форумда жергиликтүү шайлоонун пропорционалдык системасын калыптоо, шайлоодо гендердик квота берүү, сөз эркиндиги, партиялардын маалымат каражаттарындагы теңчилиги, мамлекеттик камкордук өңдүү маселелерди көтөрүүнү сунуш кылышты. Бирок талкууда кайчы пикирлер арбын болду. Маселен, Экономикалык кайра жаралуу партиясынын лидери Валерий Хон өз партиясынын «тегерек үстөлгө» өз сунушу менен чыгууга кудурети барын билдирип, талкууга катышуудан баш тартты. «КДК» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жыпар Жекшеев сунуштарга байланыштуу көз карашын дагы тактаарын билдирди. Аялдар демократиялык партиясы Конституцияда белгиленген сөз эркиндигин кайра көтөрүүнүн кажети жоктугун айтып чыкты. Айрымдары сунуш кылынган маселелерди кээ бир партиялардын таңуулоосу катары баалашты. Талкуу «Менин өлкөм» партиясынын кеңсесинде өттү.