Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Террордук актылар боюнча сот жараяндары башталды


Өткөн жылы октябрь айында Индонезиянын Бали курортундагы жардырууну уюштурган деп шектелгенгендердин төртүнчүсүнүн үстүнөн сот жараяны бүгүн башталды. Өткөн жылкы Балидеги жардыруудан 200дөн көп киши набыт болгон эле. Соттолуп жаткан Али Имрондун күнөөсү аныкталса, аны өлүм жазасы күтүп турат. Судья сот башталар алдында Али Имрондун агасы Амрози Имронго өкүм 7-августа чыгарыларын билдирди. Али Имрон менен катар анын эки бир тууганы да Балидеги жардырууну жасаган деп шектелип кармалган. Индонезия бийлиги Балидеги жардырууну «Жамаа Исламия» уюму уюштурду деп шектөөдө. Май айында Марокконун Касабланка шаарында болгон дагы бир жардырууга байланыштуу сот жараяны да бүгүн башталды. Андагы жардыруудан 44 киши каза болгон жана жардырууну жасаган деп 52 шектүү киши кармалган. Кармалгандар «Салафия Жихади» аттуу радикалдуу диний топтун мүчөлөрү экендиги аныкталган.

XS
SM
MD
LG