Багдадда өткөн маалымат жыйынында Ирактагы коалициялык күчтөрдүн командачысы, АКШ генералы Рикардо Санчез кечээ Мосул калаасындагы атышууда Саддам Хусейндин уулдары – Удай менен Кусай окко учуп өлгөнүн бышыктаган айрым далилдерди келтирди:
- Биз Мосулдагы атышууда набыт болгондордун экөө - Удай менен Кусай экенин тастыктаган айрым оң аныктамаларды алдык. Бизди ынандырган бул аныктамалар ар тараптан текшерилди. Атап айтканда, Саддам Хусейнге жакын адамдардын бири аларды тааныды, андан сырткары дагы 4 ишеничтүү адам маркумдар - Саддам Хусейндин эки уулу экенин тастыкташты.
Андан сырткары ал шаршембиде Саддамдын шакирттеринин тизмесинде 11-орунду ээлеген Ирактын мурдагы атайын республикалык гвардиясынын башчысы Барзан ат-Тикрити колго түшүрүлгөнүн кошумчалай кетти.