Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Иракта америкалык армиянын жоготуусу дагы өстү


Бүгүн Багдаддан түндүктөгү АКШ базасы аткыланганда бир америкалык аскер окко учуп, экөө жараат алды. Бүгүн ошондой эле АКШ армиясы уруу башчыларына учакты атып түшүрүүчү кол замбирегин тапшырган ирактыктарга 500 доллардан сыйлык берилээрин маалымдады.

Кечээ АКШнын президенти Жорж Буш АКШ күчтөрү Ирактын кулатылган президенти Саддам Хусейнди колго түшүрүүгө аз калганын билдирди. Буш ошондой эле Иракта оңолуунун белгилери бар деди:

- Иракта согуш аракеттери бүткөнүнө 90 күн болду. Эл тирандан бошотулду, эми өзүн-өзү башкаруунун жана тынчтыктын жолунда баратат.

Буш ошондой эле январь айында Ирак Африкадан өзөктүк материал алууга аракеттенип жатат деген негизсиз билдирүү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Ошол билдирүүгө таянып, Кошмо Штаттары жана Британия март айында Саддам Хусейндин бийлигине каршы согуш ачкан эле.

XS
SM
MD
LG