Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

ОШТО БОРБОР АЗИЯ КООПСУЗДУК КЫЗМАТ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ


Кожогелди Култегин, Ош 1-август күнү Ош шаарында Борбор Азия кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын жана коопсуздук кызматтарынын жетекчилеринин кеңешмеси өттү. Кеңешмеде терроризмге, экстремизмге жана баңгизат таркатууга каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Жыйын Борбор Азия кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөр Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан президенттеринин үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда чогуу кабыл алган чечиминин негизинде уюшулгандыгын белгилей кетели. Кыргыз президенти кеңешменин ачылышына куттук кат жөнөткөн.

Бүгүнкү күндө терроризмдин, экстремизмдин жана баңгизат бизнесинин арааны айрыкча ачылып турганы баарына маалым, аны ооздуктоо мамлекеттер аралык гана маселе болуп турат. Ушундай чоң жыйындын Ошто өтүшүн Кыргызстандын делегация башчысы Болот Жанузаков төмөндөгүчө мүнөздөдү:

- Бул өтө чоң тарыхый мааниси бар, себеби Ош - мамлекетибиздин түштүк борбору, ошондуктан бул жерде дагы чоң мааниси бар жыйындардын өтүп турушу өтө зарыл нерсе.

Кеңешменин жүрүшүндө терроризмге, эларалык экстремизмге, баңгизат таркатууга каршы баарылап күрөшүү үчүн төрт өлкөнүн мыйзамдык- укуктук базаларын бири-бирине дал келтирип оңдоп чыгуу кажет экендиги белгиленип, айрыкча ушул маселеде талаш-тартыш кызуу жүрдү. Мамлекеттердин чогулуп иш жүргүзүүсү үчүн оболу ошол мамлекеттердин бири-бирин терең түшүнүүсү, урматтоосу, ынтымакчылыгы зарыл деген да ойлор айтылды.

Өзбекстандын ички иштер министри Зокиржан Алматовду сөзгө тартып, 16-июлда Өзбекстан солдаты Кыргызстан атуулун атып өлтүрүп таштагандыгын кандай бааларын сурадык:

- Чек арадан мыйзамсыз түрдө жасалма, жыйып алма көпүрөлөр аркылуу өтүп жатышса, контрабандалык товарларды алып өтүшсө, чек арачы солдатка кол салышса, кечирип коёсуз, биз эмне кылышыбыз керек эле. Бул жерде Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын бузуп өтүп жатышат, анан чек арачыга кол салганда берки курал колдонгон, ошентип адам өлүмгө учураган, - деди Өзбекстан ички иштер министри.

Кеңешменин жүрүшү боюнча Болот Жанузаков төмөндөгүчө ой бөлүштү:

- Бүгүнкү ушул укук коргоо органдарынын жана атайын кызмат жетекчилеринин жыйынында конструктивдүү маселелер көтөрүлдү. Өзгөчө терроризмге, экстремизмге жана баңгизаттардын мыйзамсыз түрдө жүгүртүүнүн кесепетинен келип чыккан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жакшы маселелер көтөрүлдү. Бул төрт мамлекет ортосундагы биздин кызматкерлердин, өлкөбүздүн, элибиздин өсүшүнө терс таасирин тийгизип аткан көрүнүштөргө каршы күрөштү күчөтүүдө чоң жардам берет десем жаңылышпаймын.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча атайын протоколго делегация башчылары, Казакстандын коопсуздук кеңеш катчысынын орунбасары Имашев, Кыргызстандын президенттик администрациясынын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Жанузаков, Тажикстан ички иштер министри Шарипов, Өзбекстан коопсуздук кызматынын төрагасы Инаятов кол коюшту. Протоколдо тараптар бир топ маселелер менен бирге Борбор Азия кызматташтыгы өлкөлөрүнүн аймагында даярдалып жаткан куралдуу террордук актылар жөнүндө, терроризмге, экстремизмге, баңгизат бизнесине байланыштагы топтордун иштөө методдору жана тактикалары боюнча эларалык кылмышка шектелгендер тууралуу оперативдүү маалымат алышууну өзгөчө күчөтүүгө милдеттенген.

Чеченстан, Ооганстан, Пакистан, Ирактагы болуп өткөн диверсиялык террордук актыларды жасаган жана ага катышы бар адамдарга издөө салуу үзгүлтүксүз көңүл борборунда болмокчу. Ошондой эле Борбор Азия кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөрүнүн аймактарында мыйзамсыз миграциянын жүрүшүнө, курал-жарак, баңгизат сатып киреше табууга мүмкүн болушунча жол бербөө, чек ара, коопсуздук кызматтарынын, милиция, аскер отряддарынын биргелешкен машыгууларын өткөрүү да башкы вазийпалардан. Жыйындан кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүктөрүнүн көрсөтмө машыгуусу өттү.

Кезектеги төртүнчү кеңешме Казакстанда уюштурулат.

XS
SM
MD
LG