ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн облустун санитардык-эпидемиологиялык станциясы Майлысуу шаарынан 3 кишиден ичкелте оорусу аныкталганын ырастады. Алар 27, 31-июлда ооруканага жаткырылган. Санитардык дарыгерлер ичкелте оорусунун чыгуу себебин азырынча чийки суудан көрүп жатышат. Жергиликтүү дарыгерлер оору тараган жерде санитардык иштерди жүргүзүп, оору жуктургандарга байкоо салышууда. Өткөн айда жугуштуу ичкелте оорусу Аксы районундагы 4 кишиден табылган.