БАТКЕН. Согмент айылдагы жамааттык топтордун демилгесин колдоого алган Эларалык толеранттуулук коомдук фондунун Баткендеги бөлүмүнүн кызматкери Адылбек Шадымановдон 9-августта алынган маалыматка караганда, «Өмүр жолу» долбоору Согмент айылын облус борбору менен байланыштырган жолдун селден жабыр тарткан бөлүгүн калыбына келтирүү максатын көздөйт. Жалпы наркы 3 миң долларды түзгөн бул долбоорду жүзөгө ашырууга облустук суу чарба башкармасы тандалып, алар ишти эгемендүүлүк майрамына карата аягына чыгарууну болжошууда. Ушул жылдын 21-июлунда жүргөн селден бузулган бул жолдун эки чакырымдай аралыгын буга дейре айыл калкы ашар ыкмасы менен автоунаа жүрө тургандай кылып, эптеп оңдошкон.