Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ ТЫНЧТЫК ЖАРАЯНЫНА КЕЗЕКТЕГИ СОККУ


Айданбек Акмат уулу, Прага Израилде шейшемби күнү кечинде жаңы террордук акт жасалды. Андан 20 Израил атуулу, алардын ичинде балдар набыт болуп, бир жүз отуздан ашуун киши жаракат алды. Бул террордук акт Жакынкы Чыгыш тынчтык жараянына урулган жаңы сокку болду.

Израил полициясынын маалыматы боюнча, террордук актты ортодоксалдык еврей кийимин кийген палестин жанкечти жасады. Ал динчил еврейлер бала-чакасы менен Иерусалимдеги “Ый дубалына” барып сыйынып, кайтып келаткан автобуска отурган. Андан кийин денесине байланган жардыргыч затты жолдо жардырып жиберген. Бул акцияны уюштурганын адегенде“Хамас” жана “Ислам жихады” уюмдары мойнуна алды. Алар жардыруу Израилдин Палестин адамдарын өлтүрүүсүнө, баскынчылыгына каршы жасалган акт деп аташты. Бирок кийинчерээк “Хамас” жардырууну жасаган адамды телекөрсөтүү аркылуу чыгарып, бул жардыруу жакында эле Израил тарабынан өлтүрүлгөн эки активисти үчүн өч алуу экенин билдирди.

Ал эми расмий Израилдин бул террордук чабуулга жообу дароо болду. Алар Палестин расмий өкүлдөрү менен бардык байланышты үзгөнүн, Батыш Иордандагы Палестин шаарларынан жөөт аскерлерин чыгарууну, абактагы палестиндерди бошотууну токтотконун билдирди. Андан сырткары Палестин аймагы камалоого алынып, өкмөт башчы Ариэл Шарон өкмөт мүчөлөрү менен Палестин экстремисттерин “жазалоо” планын талкуулай баштады. Израил өкмөтүнүн басма сөз катчысы Гидеон Мейр террордук актыга байланыштуу мындай деди:

- Тилекке каршы, биз өткөн түнү Палестинанын жүзүн дагы бир жолу көрдүк. Качан Америка регионго тынчтык апкелүү максатында элчилерин жиберээрде жана качан Израил Палестиндерге кол сунганда, биз жооп катары террорду жана террорду гана алып жатабыз.

Жакынкы Чыгышта тынчтыкты камсыз кылуу боюнча “Жол картасы” планын турмушка ашырууда Америка жана башка тараптар үмүт артып жаткан Палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас террордук актыны айыптап, мындай деди:

- Мен аны айыптаймын. Бул террордук акт Палестин калкынын кызыкчылыгына каршы келет. Коопсуздук министри Мухаммад Дахланга мүмкүн болушунча тезирээк чабуулду иликтеп, керек болгон чараларды көрүүнү тапшырдым. Мен каза болгондордун жакындарына көңүл айтамын.

Андан сырткары Махмуд Аббас “Хамас” жана “Ислам жихады” уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү токтотту. Жарылуу болоор алдында ал “Ислам жихадынын” лидери Нафиз Аззам менен жолугушуп, 29-июнда кабыл алынган кол салууну 3 айга токтотуу тууралуу чечимди узартууну талкуулаган эле. Нафиз Аззам 19-августтагы чабуулга өз уюмунун тиешеси жок экенин, бирок ага Израил тарап толук жооптуу экенин билдирди.

Палестин бийлиги 19-августтагы террордук жардырууну айыптоо менен “Шарон жана анын өкмөтү бул чабуулду “Жол картасы” планын четке кагууга жана биздин калкка кол салууларды уюштурууга пайдаланат” деп билдирүүдө.

Адистер 19-августтагы террордук актты Махмуд Аббастын позициясына урулган сокку катары баалап жатат. Анткени, эгерде Израил террордук актыга жооп иретинде палестиндерге чабуул койсо, Махмуд Аббас эки оттун ортосунда калат. Бир жагынан аны Израил “террорчуларды ооздуктай албады” деп айыптаса, экинчи жагынан “сионистер күчтү гана тааныйт” деген “Хамас” өңдүү Палестинадагы таасири күчтүү уюмдар премьер министрдин террордук чабуулду токтотуу аракетин ого бетер алсыратат.

XS
SM
MD
LG