Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

АКШ КОНГРЕССИНИН ЖООПТУУ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫРГЫЗСТАНДА ЭКИ КҮН БОЛОТ


22-августта Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келген АКШ Конгрессинин жооптуу кызматкерлеринин делегация жетекчиси Роберт Уоллес президент А.Акаев менен жолугушуусунан кийин журналисттер үчүн чакан брифинг өткөрдү. Конгресстин жооптуу кызматкерлеринин делегациясы Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, саясий партия жетекчилери менен жолугаарын маалымдаган Роберт Уоллес журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

25 адамдан турган АКШ Конгрессинин жоонтоп делегациясы негизинен республикачылар жана демократтар партиясынын өкүлдөрү экенин, алар буга чейин бир апта ашыгыраак Кытайда болуп, анын биртоп жерлерин кыдырып, андан соң Кыргызстанга эки күнгө келишкенин Роберт Уоллес сөз башында айта кетти.

- Биз өкмөт, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, саясий партиялардын жетекчилери менен жолугушабыз. Бул жерге келүүбүздүн максаты жагдай менен жеринен таанышуу. Кыргызстан террорчулук менен күрөшүүдө чоң роль ойноодо. Анан да эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн мындай таанышуу сапарлары жакшы жардам берет, - деди ал.

Президент Акаев менен жолугушуу учурунда «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловго боштондук берүү маселеси козголдубу, - деген «Азаттыктын» суроосуна Роберт Уоллес мындай жооп узатты:

- Жолугушуу маалында бир катар маселелер боюнча пикир алыштык, анын ичинде адам укугунун сакталышы тууралуу да айттык. Бардык элдердин, анын ичинде АКШ калкынын тилегин – адам укугу бардык жерде баркталышы керектигин каалоосун билдирдик.

Роберт Уоллес антитеррордук коалициянын «Манас» аба майданындагы «Ганси» авиабазасы дагы канчага турушу мүмкүн деген суроого так жооп бере албады:

- «Ганси» авиабазасы террорчулукка каршы күрөштө Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп калды. Ал эми анын бул жерде канча убакыт турушу мүмкүн, деген суроону АКШ Мамлекеттик департаменти менен АКШнын бул жердеги элчилигинен сураган оң.

Делегация мүчөлөрү кыргыз бийлиги менен инвестиция маселелери тууралуу да пикир алышканын, бирок кайсы бир конкреттүү иш жайында кеп болбогонун Роберт Уоллес ачыкка чыгарды. Делегациянын Кыргызстандагы иш-сапарынын максаты тууралуу Кыргызстандын Кошмо штаттардагы ыйгарым укуктуу элчиси Бактыбек Абдрисаев мына буларга токтолду.

- Делегация курамында жооптуу кызматкерлер бар. Анын Кытайдан атайын бул жакка, болгондо да Улуу жибек жолу менен бизге келгени маанилүү. Жибек жолу жаңырып, мааниси тереңдеп баратат. Кыргызстанга 6 жыл ичинде АКШдан ушундай делегация 10 жолу келди. Келгенден кийин элдин маанайы кандай, инвестициялык климатка ыңгайлуубу – мунун баарына көңүл бурулат. А негизи биз кандай темп менен алдыга жылып баратабыз. Мына, айтып атышпайбы,башка өлкөдө болуп келишкенден кийин бул жерге келишсе таптакыр башка атмосфера. Бул деле биз үчүн маанилүү, - деп айтты Бактыбек Абдрисаев.

«Борбор Азия – Америка Кошмо штаттары» фондунун жетекчиси, делегация башчысы Роберт Уоллес Кыргызстандын расмий бийлик жетекчилери менен негизинен жалпы маселелердин тегерегинде гана сөз козгошконун билдирди.

XS
SM
MD
LG