Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АТАЙЫН ФОРМА КИЙИШТИ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Эгемендик күнү Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери атайын форма кийип чыгышты. Президент А.Акаев быйыл июнь айында мамлекеттик кызматкерлер үчүн атайын форма киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Кыргыз өкмөтү бул ишти колго алып, өкмөт башчысы Николай Танаев мамлекеттик казынадан дароо 2 млн. сом которгон. Алгачкы эсепке караганда, чиновниктерге окшош кийим тиктиргенге баш-аягы 300 млн. сом корошу ыктымал.

Эгемендик күнүнө арналган Алатоо аянтындагы салтанатка атайын форманы өкмөт башчысы Николай Танаев баштап кийип барышты. Жалтырак топчулары бар кочкул күрмөчөн өкмөт мүчөлөрүнүн жанында президент Акаев ак калпак жана боз костюм шымчан турду. Алыстан караган жана теледен көрүп отурган элге алар окшош кийинип турганы байкалган жок. Жакшылап караган адам жалтырак топчуларынан жана бирдей өңүнөн баамдаса болот. Бул кийимди Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин, Салык жана Бажы кызматтарынын, Юстиция, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин кызматкерлери кийбейт. Алардын өз формасы жетиштүү.

Бул кийимдерди тиктирип таратуу жагын өкмөт Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине тапшырган. 30-августта Өкмөт Үйүндө мамлекеттик кызматкерлерге боюна чак форма таратылып берилди. Майрам күнү президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевди атайын формачан жолуктурдук. Анын бул жаңы кийимге карат оюн уккан элек:

- Форма абдан ыңгайлуу экен. Күнүмдүк кийчү кийимдерден эч айырмасы жок. Дагы бир жакшы жагы - тартипке чакырат экен. Форманы кийип эл арасында жүрсөң чоң жоопкерчиликти сезесиң.

Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов «атайын форма мамлекеттик казынага анча деле күч келтирген жок» деп ишендирди. Осмонов мырзанын айтканына караганда, бир кишиге берилген кийим биротоло берилет:

- Ар кимдин кийгенине жараша болот. Бир киши беш жыл жыртпай кийсе, экинчиси эки жылга араң жеткирет. Мисалы, форма кызматтан түшкөндөн кийин өзүндө калат. Себеби, ал адам жумуштан кеткени менен чини жана рангы калат да. Ошондуктан, өмүр бою ал кийимди кадырлап, каалаган күнү кийип чыгып жүрө берсе болот.

Деги эле кыргыз бийлигинин атайын форма киргизиши коомчулукка анча жаккан жок. Президенттин жарлыгынан кийин нааразы каттар да болгону элдин эсинде. Жогорку Кеңештин депутаттары болсо мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкер катары саналганы менен, мындай окшош кийим кийели деген ниеттери жок. Мисалы, депутат Тайырбек Сарпашев мындай кийимди «Ак Үй» мажбурласа да эч качан кийбестигин айтты. Ал эми Кубатбек Байболов өкмөттүн ошончо каражатты элге пайдалуураак жакка жумшабай, кийим тиктирүүгө коротконуна капа. Эгемендик күнүндө мамлекеттик кызматкерлердин жаңы кийип чыккан формасына карата элдин да пикирин тыңдасак, Бишкектин тургуну Алтынай Арстанбекова мындай дейт:

- «2 миллион сом короду» деп уккам. Бул деген оңой акча эмес. Униформага короткондон көрө элеттегилердин жашоосун оңдогонго жумшаса болмок. Азыр деген эл кыйналып атканда улам бир ашыкча чыгымдын кажети не?

Бирок кыргыз бийлигинин оюн колдогондор да жок эмес. Нарындан келген Нарынбек Солтобаевди сөзгө тартсак, форманын киришин жактырганын айтты. Анын оюнда, мамлекеттик кызматтагы адамдын колунда каражаты да жетиштүү, улам бир кийим кийип жарды элдин кыжырын кайнатпай, бирдей форма кийгени оң.

Бейөкмөт уюмдар канчалык чанса да, мамлекеттик кызматкерлер бул форманы кийип чыгышты. Айрымдар аны «эскини көксөө» деп баалап, Совет учурундагы мектепти жана армияны элестетээрин айтышууда. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер өтө ыңгайлуу экенин айтып атышат. Айыл чарба министри Александр Костюк «бул кийим тартипке чакырып, ишке болгон жоопкерчиликти күчөтөт» дейт. Ылайым ошондой эле болсун. Мамлекеттик кызматкерлердин кийимдери морт, жаны бек болсун дегенден башка арга жок.

XS
SM
MD
LG