Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

ОРУСИЯЛЫК РЕЖИССЕРДУН ФИЛЬМИ ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫК АЛДЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага Венецияда өткөн эл аралык кинофестивалда орусиялык жаш режиссер Андрей Звягинцевдин “Кайтып келүү” аттуу алгачкы тасмасы баш байге – “Алтын арстанды” утуп алды. Эл аралык киносынчылар бул окуя Орусиянын акыркы жылдары кадамы солгундай түшкөн киноиндустриясынын кайра жанданышынын күбөсү деп жатышат.

Венециядагы фестивалдын баш байгесин жеңип алган “Кайтып келүү” аттуу фильми Андрей Звягинцевдин режиссер катары тарткан алгачкы фильми. Ошондуктан, ага фестивалда “Мыкты дебют” деген да сыйлык ыйгарылды. 39 жаштагы режиссер буга чейин театрдын актеру жана телевидениенин продюсери болгон. Ал эми “Кайтып келүү” фильминде ал адамзатты эзелтен ойго салып келаткан ата-баланын ортосундагы мамилени так, даана сүрөттөөгө аракет кылган. Картинада үй-бүлөсүнөн өн жыл мурун кетип калып, кайтып келген ата менен анын өспүрүм куракка жеткен эки уулунун ортосундагы мамиле, үч башка мүнөздүү үч адамдын көз караштарынын кагылышын психологиялык ар кандай кырдаалдар аркылуу чагылдырылат. Ушундан улам киносынчылар фильмде адамдын жан дүйнөсүн ачып көрсөткөн лиризм менен кинематографиялык мыкты табылгаларга баа берип жатышат. Белгилүү киносынчы Ли Маршалл “Кино тартууга жаңыдан киришкен адам үчүн бул таңкалтыруучу көрүнүш. Ата менен баланын ортосундагы мамиле - бул түбөлүктүү тема. Кинодо анын татаалдыгы менен тереңдиги бардык тараптан ачып көрсөтүлгөн” деп баалады. Ал эми Британияда чыгуучу “Көз караш жана добуш” аттуу кино өнөрүнө арналган журналдын башкы редактору Ник Жеймс жаңы тасма тууралуу мындай дейт:

- Бул эң татыктуу жеңиш. Менин оюмча, чыныгы турмуштун үзүмү өтө мыкты образдуулук, кинематографиялык укмуштуудай чеберчилик жана мыкты аткаруу менен чагылдырылган. Мен үчүн ушул үч жаңылык фильмдин башкы өзгөчөлүгү жана ал фестивалдагы эң мыкты фильмдердин бири болду.

Венециядагы фестивалдын кароосуна 20 кинотасма коюлган эле. Алардын ичинен аты мурда эч кимге белгисиз режиссердун фильминин баш байгеге ээ болушун киносынчылар Орусиянын киноиндустриясынын кайрадан жанданышынын белгиси катары баалап жатышат. Андан тышкары мындан туура кырк жыл илгери “Ивандын бала чагы” деген алгачкы киносу үчүн “Алтын арстан” байгесин жеңип алган Андрей Тарковскийдин жеңиши менен да салыштырып, бул окуяны орусиялык кинематографияга дүйнөлүк сынчылардын кайрадан көңүл бура башташы менен да байланыштырышууда. Ал тууралуу Москвалык киносынчы Кирилл Разлогов мындай дейт:

- Менин көз карашымда, бул кандайдыр бир деңгээлде, орусиянын кинематографиясына дүйнөлүк кызыкчылыктын кайра жанданышын билдирет. Муну кенже Алексей Германдын жана азербайжандык режиссер Мурад Ибрагимбековдун кыска метраждуу фильмдеринин диплом жана байге алганы айгинелейт. Бул балким, кызыкчылыктын кайра жанданышы же болбосо кинодогу жаңы чебердин жаралышы. Бирок, мунун баарын элди таңгалдырып, укмуштай ийгилик алып келген алгачкы фильмден кийин тартыла турган кинолордун деңгээли таразалайт.

Разлоговдун ою боюнча, айрым учурда чет өлкөлүк сынчылар менен жергиликтүү сынчылардын Орусиянын азыркы учурдагы кинематографиясына карата көз караштары кескин айырмаланат. Маселен, алар орусиялык адабий мектепте мурдатан калыптанып калган лиризмди, же башкача айтканда, түбөлүктүү теманы поэтикалык көз караш менен сүрөттөөнү “жаңы орустук кино” деп атай башташты. Буга пост-советтик доордо күч менен акча гана баарына бийлик кыла алат деген идеяны тараткан, башаламандуу кинолордун көп тартылышы таасир берүүдө. Анткен менен, жергиликтүү эл арасында мурдагыдай эле түбөлүктүү темаларды акындын көзү менен чагылдырган кинолор барктуу. Андрей Звягинцевдин фильми да мына ошолордун катарынан орун алары шексиз деп жатышат кино сынчылар.

Андрей Звягинцев сыйлыкты алып жатканда аны кинодогу башкы ролдордун бирин аткарган 15 жаштагы актер Владимир Гиринге арнагандыгын жарыя кылды. Көрсө, ал кино тартылып бүткөндөн кийин фильмдин бир канча эпизоддору тартылган көлгө чөгүп өлгөн экен.

XS
SM
MD
LG