БИШКЕК. Бүгүн Түркиянын Стамбул шаарында өткөөл мезгилди башынан кечирип жаткан өлкөлөрдөгү коррупцияга каршы күрөш боюнча V эл аралык конференция өз ишин улантты. Ага Кыргызстандан вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова катышууда. Стамбулдагы бул жыйынга дүйнөнүн 120 өлкөсүнүн мамлекеттик органдарынын, жарандык уюмдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү чогулду. Жыйынга эл аралык финансылык жана саясий уюмдардын өкүлдөрү да катышып жатышат. Анда өткөөл мезгилдеги мамлекеттерде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, коррупцияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде жүргүзүүнүн ыкмалары менен жолдору талкууланууда. Конференцияда Кыргызстандагы коррупция боюнча маалымат берилиши күтүлүүдө. Стамбулдагы жыйын өз ишин эртең аяктайт.