Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Багдадда БУУнун имаратына жакын жерде жаңы жардыруу болду


Ирак борборундагы БУУнун имаратына жакын жерде бүгүн жаңы жардыруу болду. Андан жардырылган автоунааны айдап келген жан кечтини кошкондо эки адам набыт, 17 киши жаракат алды. Бириккен Улуттар Уюмунун окуяга байланыштуу билдирүүсүн уюмдун басма сөз кызматынын өкүлү Антония Парадела жарыялады: Бүгүнкү жардыруу Ирак согуш зонасында жана өтө татаал коопсуздук шартында кала бергендигин көрсөтүүдө. Бул өзгөчө Ирак калкынын турмушун жакшыртуу багытында иштеп жаткан адамдарга тиешелүү болуп жатат. Өткөн айда Улуттар Уюмунун Багдаддагы имаратын жардыруудан 22 адам каза болгон эле.

XS
SM
MD
LG