Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Эл аралык антитеррордук коалициянын аскер базасы кыргызстандыктарга гуманитардык жардам берүүнү улантууда


БИШКЕК. Бүгүн «Манас» аба майданындагы П. Ганси атындагы аскердик авиабазанын жергиликтүү тургундарга гуманитардык жардам берүү комитетинин мүчөлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул иш-чарага вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты. Аскердик авиабазанын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, авиабаза быйыл 157000 долларга Бишкектеги Мраморное айлындагы мектепти оңдоп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 19 үй тургузуп берген. Мындан тышкары, база жергиликтүү элге ар кандай чакан суммадагы гуманитардык жардам берип келатат. Жакынкы күндөрү ал 126 миң долларга Бишкектеги бир балдар үйүн оңдоону пландаштырууда.

XS
SM
MD
LG