Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛКТҮН БААСЫ КЫМБАТТАДЫ. ҮЙ САТЫП АЛЧУЛАР ДА КӨБӨЙҮП БАРАТАТ


Соңку учурда Кыргызстанда, өзгөчө Бишкекте кыймылсыз мүлктүн баасы өсүп, ошол бойдон арзандаган жок. Анын себептерин талдоочулар ар кандай түшүндүрүп жатышат. Өкмөт алдындагы Кыймылсыз мүлктү каттоо агенттигинин адистеринин айтымында, үйлөр жана квартиралар кымбаттаганы менен, акыркы 3 жылда кыймылсыз мүлк базарында ишке ашкан бүтүмдөрдүн саны өстү.

Адатта жыл сайын күзгө жуук кымбаттаган үйлөрдүн, квартиралардын баасы жазында арзандап калчу. Бирок быйыл андай болгон жок. Кыймылсыз мүлк менен иштеп келаткан «Абат» агенттигинин менеджери Карина Ласовскаянын айтымында, үйлөрдүн баасы былтыр күзүндө кымбаттаган бойдон быйыл арзандаган жок. Тескерисинче, ай сайын 200-300 доллардан кошулуп турду.

- Чындыгында быйылкы жыл өзгөчө болду. Үйлөрдүн баасы быйыл кымбаттап, ошол бойдон түшкөн жок. Себеби, менимче, доллар арзандап кетти. Кыргызстандан Орусияга көчүп кеткендердин саны да азайды. Бишкекке, тескерисинче, район-облустардан көчүп келгендер көбөйүп жатат. Талап болгондон кийин квартиралардын баасы да көтөрүлдү деп ойлойм, - дейт Карина Ласовская.

Адистердин айтымында, быйыл «кыймылсыз мүлк арзандайт» деп жатканда АКШнын Ирактагы аскердик аракеттери башталып, Кыргызстанда доллардын сомго болгон катышы төмөндөп кетти.

- Доллар түшө баштаганда эл «долларга үй сатып алалбай калабыз» деп коркуп кетти. Биздин агенттикке келип, долларын «үйгө, сомго же еврого алмаштырам» дегендер көп болду. Үйлөрдүн баасы ошентип кымбаттады, - дейт Карина Ласовская.

Өлкөдөгү калктын саны жана Бишкекке көчүп келип жаткандардын катары аз болсо да өсүп жатканы менен, кийинки жылдары өкмөт жана шаар акимчилиги көп кабаттуу жаңы үйлөрдү курбай калышты. Карина Ласовская «баалардын өсүшүнө бул да өз таасирин тийгизди» деген пикирде:

- Алматы менен салыштырып болбойт, Бишкекте курулуп жаткан үйлөр беш манжага толбойт. Курулуш кымбат. Курулуш болбогон соң, үйлөр да кымбаттап жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары Адамжан Жолдошев да «квартиралардын, үйлөрдүн баасынын өсүшүнө өкмөттүн жаңы үйлөрдү курбай калганы негизги себептерден болду» дейт:

- Үйлөрдүн кымбаттап кетишинин бир себеби – өкмөт турак-жай курбай калды. Үйлөрдү негизинен жеке ишкерлер куруп жатышат. Бүгүнкү баада үй куруш өтө кымбат.

Адамжан Жолдошевдин айтымында, үйлөрдүн кымбатташына кыймылсыз мүлк базарында иштеп жаткан агенттиктердин да таасири тийип жатат. Көп учурда андай агенттиктер бааны жөнү жок кымбаттатып, үстөгүн көп алууга аракет кылышат.

- Алар жакшы үстөк, киреше алып жаткандыктан, бул базарда иштеп жаткан фирмалардын саны кескин көбөйүп кетти. Бүгүнкү күндө кыймылсыз мүлк менен иштеген 70тен ашуун агенттик бар. Кырдаалды көзөмөлдөш үчүн өкмөттүн демилгеси менен «Кыймылсыз мүлк менен фирмаларды лицензиялоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынды. Азыр жобосу иштелип жатат, ал жактырылгандан кийин мыйзам күчүнө кирет, - дейт Адамжан Жолдошев.

«Агенттиктер бааны жөнү жок көтөрүп, базарды бузуп жатат» деген пикирди «Риэльт-офис» агенттигинин директору Елена Кузнецова да айтты:

- Эгерде агенттиктер профессионалдуу иштешкенде, балким, мындай кымбаттамак эмес. Азыр кыймылсыз мүлк базарын жакшы билбеген агенттиктер көбөйүп кетти.

Елена Кузнецова «үйлөрдүн кымбатташына доллардын арзандап кеткени, жаңы курулуштардын түшпөй калганы жана Орусияга жер которгондордун азайганы да өз таасирин тийгизип жатат» деген пикирлерге кошулат.

Үйлөр менен квартиралардын баасы кымбаттаганы менен, аны сатып алуучулар көбөйүп жатыптыр. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары Адамжан Жолдошев мындай дейт:

- 2001-жылдан бери биздин мекеме буга байланыштуу маалыматтарды талдап келатат. 2001-жылга караганда 2002-жылы кыймылсыз мүлккө, үйлөргө жана турак-жайга байланыштуу операциялардын саны 21% көбөйгөн. Байкалаарлык өсүш бар.

Айтор, үйлөрдүн баасы мындан ары арзандайбы же ушул калыбында эле сакталабы, же дагы кымбаттайбы – муну кыймылсыз мүлк менен иштеген адистердин өздөрү да билбей атышат.

XS
SM
MD
LG