Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:46

Улуттук гвардиянын колбашчысы «Арнамыс» партиясына сын айтканын танып чыкты


БИШКЕК. ««Аргументы и факты» гезитинин кабарчысы «Арнамыс» партиясынын ишмердүүлүгү тууралуу менин айткандарыма өзүнүн алымча-кошумчаларын киргизген. Ошондуктан азыр түрмөдө жаткан Феликс Кулов жетектеген «Арнамыс» партиясынын өкүлдөрү мени түшүнбөстүктөн улам сотко берип атышат». Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын жетекчиси Абдыгул Чотбаев кечээ «Кабар» агенттигинин кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып ушундай деди. «Аргументы и факты» гезитинин быйыл сентябрда чыккан санында Абдыгул Чотбаевдин маеги жарыяланган эле. Анда Улуттук гвардиянын башчысы ««Арнамыс» партиясы чет өлкөлөрдөн алган акчасын актоого аракет кылып атат» деген пикирин билдирген. Ага нааразы болгон «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү «А.Чотбаев жалган маалымат таратты» деп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна доо арыз менен кайрылыш жана моралдык чыгым үчүн А. Чотбаевден 5 млн. сом, ал эми гезиттен 5 сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда. Сот иши эртең каралат.

XS
SM
MD
LG