Президент Жордж Буш Ирактын чарбасын калыбына келтирүү вазыйпасы Пентагондон Ак Үйгө, тактап айтканда, президенттин Улуттук Коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райска жана Ак Үйдүн Коопсуздук кеңешине жүктөлөт деди:
- Жаңы түзүлгөн топ Иракты калыбына келтирүү аракеттерин өз ара координациялап, ыраатка келтирүү, ошондой эле, АКШнын Ирактагы администрациясынын башчысы Поль Бремерге жардам берүү максатын көздөйт.
Карнеги Корунун серепчиси Марина Оттавэйдин болжолунда, бул жооптуу иштин Ак Үйдүн карамагына өтүүсү Коргоо Министрлиги өзүнө тапшырылган иштин өтөлүнө чыга албай жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Президент
Буш алгачында бул ишти Дональд Расмфелд баштаган коргоо министрлигине тапшырып, бирок иш ойдогудай жүрбөй жатканын баамадаган соң, коопсуздук кеңешине тапшырган. Серепчинин пикиринде, Коргоо Министрлигинин өзүнө ыйгарылган милдеттин өтөлүнө чыга албай жатканынын төркүнү - Ирактагы абал 1945-жылы Германияда жана Жапонияда өкүм сүргөн жагдайдан алда канча татаал экенинде жатат. Ирактын армиясы нацисттик Германия менен милитаристтик Жапониянын армияларына окшоп, расмий түрдө капитуляциялаган эмес, ал тек гана Америка баштаган коалициялык аскерлерге туруштук бере албай алды-алдынан тарап кеткен. Бирок Ирактагы согуш негизинен бүттү деп жарыяланган биринчи майдан бери 100дөн ашык америкалык солдат курман болду. "Бул факт эски режимдин армиясы "алды-алдынан тарады" дегени менен, анын калдыктары дагы эле куралдуу каршылык көрсөтүп жатканын тастыктайт",- дейт Оттавей.
КАТО Институтунун директорунун орун басары Гален Карпентер Ирактагы абалды турукташтыруу боюнча атайын топту түзүү чечимин америкалык аскерлер али күнгө чейин олуттуу жоготууларга учурап жаткандыгы менен байланыштырат. Өткөн жумада Американын Ирактагы аскердик командачылыгы өлкөдө бир жуманын кеминде ичинде 3-6 америкалык солдат курман болуп, 40кка жакын жоокер жарат алып жаткандыгын билдирген.
- Бул Ак Үй Пентагондун Ирактагы ишине ичи чыкпаганын дагы бир жолу тастыктайт. Абалды стабилдештирүү үчүн Пентагонго жетиштүү убакыт берилсе да, ал бул иштин өтөлүнө чыга албады. Ирактагы жагдай турукташкандан али алыс. Ошон үчүн Ак Үй абалды эми өз көзөмөлүнө алууда, - дейт КАТО институтунун кызматкери Карпентер.
Бирок серепчи, бул жооптуу иштин Ак Үйгө өткөрүп берилишин АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелдге болгон ишенимдин тайыгандыгынын белгиси катары сыпаттагысы жок. Карпентердин болжолунда, муну Рамсфелддин жардамчылары менен кеңешчилеринин ишенимден кеткени катары бааласа болот. Серепчи Коргоо Министринин орун басары Поль Волфовиц жакында Конгрессте болгон угууларда өтө салкын кабыл алынганын буга мисал келтирет. "Иракты башкаруу саясатынын архитектору" деп эсептелген Вольфовиц "өлкөнү кайра куруу ишин Ирактын мунайы каржылайт" деген убадасы курулай сөз болуп чыкканы үчүн кескин сынга кабылган. Ирактын мунайынан пайда тапмак турсун, президент Буш азыр Конгресстен Ирак менен Ооганстандагы аскердик операциялар үчүн кошумча 87 миллиард доллар сурап отурат.
Карнеги Корунун изилдөөчүсү Марина Оттавей Ирактагы абалды турукташыруу боюнча өзүнчө топтун түзүлүшү дүйнө коомчулугунун Ирактын суверендүүлүгүн тезирээк калыбына келтирүү талаптары менен байланыштырат. Жакында АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэл Ирактын Башкаруу Кеңешине өлкөнүн Коституциясын жарым жылдын ичинде иштеп чыгууну тапшыра тургандыгын билдирген эле. Бирок Оттавей мындай тапшырма реалдуу эмес экенин, негизги мыйзамды иштеп чыга турган инсандарды тандоонун өзүнө эле жарым жыл керек боло турганын, ал эми Конституцияны иштеп чыгуу үчүн кеминде бир жыл талап этиле турганын белгилейт. Ирактын оккупациясын узартпоо максатында Карнеги Кору Америкалык жетекчиликке альтернативдүү жолду сунуш кылды.
- Иракта тез аранын ичинде шайланганга укуктуу Улуттук Жыйынды чакырып, ал Жыйын аркылуу Улуттук Кайра Жарашуу өкмөтүн түзүп, ал өкмөткө бийликти өткөрүп берүү зарыл. Ирактын туруктуу өкмөтү менен Конституциясына байланышкан иштерге ошондон кийин гана киришсе болот, - дейт Оттавей.
Оттавейдин айтымында, убактылуу өкмөт Ирактагы абалды АКШнын жардамы менен турукташтырып, эркин шайлоого камылга көрөт. Мына ошондо Ирактагы Абалды Турукташтыруу жана Кайра Куруу тобунун жардамы тийет дейт серепчи.