Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

ЖАПОН ПАРЛАМЕНТИНИН ТӨМӨНКҮ ПАЛАТАСЫ ТАРКАТЫЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 10-октябрда Жапониянын премьер-министри Юнихиро Коидзуми өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасын таратты. Палатага шайлоо өнөктүгү 28-октябрьда башталат, ал эми шайлоонун өзү 9- ноябрьга белгилерди. Серепчилер жаңы шайлоо өткөрүү менен япон өкмөт башчысы өз бийлигин бекемдеп, экономикалык реформаларга даңгыл жол ачып жатканын айтып жатышат.

Премьер-министр Дзюнитиро Коидзуми бул чечими жөнүндө 10- октябрда кабинеттин чукул жыйынында жарыялап, ошол эле күнү бул жөнүндө жапон кабинети 480 орундуу төмөнкү палатаны расмий кабардар кылды. Парламенттин мүчөлөрү бул чечимди салт боюнча "Бонзай", же "Узак жаша!" деген кыйкырыктар менен каршы алышты. Парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркатылуусун парламентарийлердин кыйласы жаңы марага карай жарыштын башталышы катары кабылдашууда. Оппозициянын лидери, Демократиялык партиянын башчысы Наото Кан журналисттерге: "Мен күрөшкө даярмын!", - деп билдирди.

Таратылган парламенттин кызмат мөөнөтү келээрки жылдын орто ченинде соңуна чыкмак. Кабинеттин өкүлү Яхуо Фукуда министрлердин чогулушунан кийин жасаган билдирүүсүндө парламенттик шайлоо 9-ноябрда боло турганын жарыялады. Маалымат агенттиктери Коидзуми Либерал-Демократиялык партия Жаңы Консервативдүү партия жана буддисттик Комейто Партиясы менен түзгөн өкмөттүк коалицияны сактап калганга ниеттүү экенин билдирди. Аталган өкмөттүк коалицияга жапон парламентиндеги 780 мандаттын 285и таандык.

Байкоочулар Коидзуми парламенттин төмөнкү палатасын мөөнөтүнөн мурда таратып жибере турганын бир нече жума мурда эле айтып чыгышкан. Төмөнкү палатадагы 480 мандаттын 244ү Коидзуминин либерал-демократтарына таандык. Партия парламенттин эң көп сандуу жана таасирдүү фракциясы. Бирок өкмөт башчы партиянын таасирин андан да күчөтүп, реформага даңгыл жол ачууну көздөйт. Мында Коидзуми азыркы таптагы жеке популярдуулугу менен партиянын баш катчысы Синдзо Абэнин абройунун арты менен кошумча упай алганга үмүттөнөт. Серепчилер Синдзо Абэни Коидзумиден кийинки эле күчтүү саясатчы деп эсептешет. Ошон үчүн байкоочулардын бир тобу премьер-министрдин жаңы шайлоонун арты менен өз позициясын бекемдеп, реформанын өтөлүнө чыгуу үчүн кошумча убакыт утуу ниети ордунан чыга турганын боолголошот.

Алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө, ошондой эле, либерал–демократтардын негизги атаандашы, – Демокртиялык Партия да ийгиликке жетишкенге үмүттөнөт. Палатада 137 мандатка ээ болгон бул партия Коидзуминин өкмөтүн реформаларды алгалатпай, өлкөнүн экономикасын сенектик абалдан чыгара албаганы үчүн кескин сындап келет.

Экономикасы боюнча Америкадан кийинки эле эң күчтүү өлкө Жапония азыр дүйнөлүк экинчи согуштан бери болуп көрбөгөн узак депрессияны баштан кечирүүдө. Ири өндүрүштүк корпорациялардын кирешелери аз-аздап өсүп баратканы менен, баалар дагы эле төмөндөөнүн үстүндө. Мындай дефляция кирешенин кыскаруусуна жана өндүрүштүн нарксыздануусуна алып келүүдө. Өлкөдө жумушсуздардын саны 5 проценттен ашып барат.

Коидзуминин почта сыяктуу тармактарды менчиктештирип, коомдук сектордун сарптоолорун азайтуу аракеттери үчүн мыйзамдык негиз чабал жана парламенттеги консервативдүү күчтөрдүн каршылыгы да күчтүү болууда. Ушул себептен алдыда боло турган шайлоо өнөктүгүндө талапкерлер ортосундагы дебаттар экономикалык реформаны кантип ишке ашыруунун айланасында болуусу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG