Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Ысыккөл облусунда балдардын ичеги-карын оорулары көбөйүүдө


КАРАКОЛ.Ысыккөл облусунун айрым айылдарында балдардын ичеги-карын оорулары кескин кѳбѳйдү. Муну Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин айыл жерлеринде гигиена жана санитария боюнча биргелешкен долбоору аныктады. Ичеги-карын оорулары боордун жана мээнин толук кандуу иштешине терс таасирин тийгизет. Аталган долбоорду ишке ашырган дарыгерлердин айтымында, облустагы өспүрүмдөрдүн 79% ичеги-карын ооруларынан жабыркашат. Маселен, Түп районундагы Арал, Кошдөбө айылдарында ичеги-карын ооруларына чалдыккан балдардын саны дарыгерлер күткөндөн алда канча арбын болуп чыккан.


Кабарлар топтомун Бишкектен Азиза Турдуева жана Бакыт Аманбаев даярдашты

Редактор – Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG