Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Кыргызстанда жаңы коомдук кыймыл түзүлдү


БИШКЕК. Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүү жана улуттук дөөлөттөрдү сактоо боюнча коомдук кыймыл түзүлдү. Бүгүн Бишкекте өткөн жыйында анын жобосу кабыл алынды. Жаңы коомду түзүү боюнча демилгечи топко жазуучу Казат Акматов, «Аалам» гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев, «Теңир Ордо» коомдук фондунун мүчөсү Кадыр Кошалиев, өлкөдөгү белгилүү тилчи-окумуштуулар жана башкалар кирет. Кыймыл улуттук дөөлөттөрдү сактоо, эне тилди өнүктүрүү, кыргыз тилин коомдо кеңири колдонуу, пропагандалоо багытында иш жүргүзмөкчү.

XS
SM
MD
LG