Өткөн аптада БУУнун Коопсуздук Кеңеши уюмга мүчө өлкөлөрдүн баарын Ирактагы туруктуулукту калыбына келтирүү жана тынчтыкты орнотуу үчүн Иракка аскер жиберүүгө, ошондой эле, согуштан жабыр тарткан бул өлкөнү кайра куруу ишине каржылык жардам көрсөтүүгө чакырган резолюциянын долбоорун бир добуштан жактырды. Бул, бир чети, резолюция кабыл алынаардан мурда эле Иракка аскер жиберүүнү чечкен Түркиянын Иракка байланыштуу саясатын кайра карап чыгуусуна алып барып, экичнчи чети, АКШнын Иракка басып кирүүсүндөгү чыныгы максаттары жөнүндөгү калайык арасындагы түкшүмөлдөөлөрдүн жана шек саноолордун кайра жандануусуна өбөлгө түзгөндүгү байкалат.
Түркия Ирактын түндүгүндөгү коңшусу болгон себептүү, Ирактагы туруксуздук менен террорчул иш-аракеттин улам күч алуусунан жана бул өлкөдө дагы эле токтобой жаткан өрттүн өз жерине жайылып кетишинен чочулайт. Түркияда Иракка аскер жиберип-жибербөө маселеси башынан бери эле өлкөдө ири талаш-тартыштардын чордонунда болуп келген. Ал бүгүнкү күндө түрк тышкы саясатынын эң эле опурталдуу, эң эле турмуштук мааниге ээ, талуулуу суроосуна айланды.
Түркия, бир жагынан, Иракта туруктуулуктун калыбына салынууусу, башкача айтканда, бул жердеги “өрттүн” өчүрүлүшү, ошол эле маалда, бул өлкөдө Анкара өзү үчүн каалабаган жараяндын алдын алуу жана АКШ менен мамилелерди бузбоо деген көйгөйлүү үчилтиктин алкагында өз ордун табууга тырышып келе жатат. Түрк өкмөтү менен бир катарда айрым саясатчылар Иракка сөзсүз түрдө аскер жиберип, ал жердеги жараяндан четте калбаш керек деген пикирде болуп келсе, оппозиция, айрым атуулдук уюмдар жана, өзгөчө, теги күрт атуулдар, коңшу өлкөгө аскер жиберилүүсүнө караманча каршы турууда.
Ушул өткөн аптанын ичинде эле Түркиянын бир канча ири шаарларында, анын ичинде Истамбул, Анкара жана Кайсериде жүздөгөн адамдар демонстрациялар уюштуруп, полиция аларды таркатыш үчүн көздөн жаш агызуучу газдарды колдонду. Истамбулдагы демонстрация учурунда демонстранттардын ПКК аталган сепаратист топтун камактагы жетекчиси Абдулла Өжаланды жактаган ураандарды кыйкырышы байкоочулардын назарынан качпады.
Негизинде, БУУнун Коопсуздук кеңешинин кийинки резолюциясынын кабыл алынышы себептүү, Түркиянын Иракка аскер жиберүү маселеси арасатта калды. Ирактагы Убактылуу башкаруу кеңешинин айрым мүчөлөрүн көндүрүүнүн ишинде кыйналып жаткан АКШ, ириде Түркиянын аскер жиберүүсү үчүн катуу басым жана кысым жасаган болсо, эми ал бул иш бир канча жумаларга созулуусу мүмкүн, атүгүл Түркиянын аскер жибербей коюусу максатка ылайык болушу мүмкүн деген пикирлерди билдире баштады.
Ирактагы башкаруу кеңешинин өзгөчө күрт улутунан болгон мүчөлөрү Түрк аскеринин келишине чечкиндүү каршылык билдирип келди. АКШ, түрк аскерин Иракка чакырган чакта, ПКК КАДЕК аталган күрт козголоңчу тобунун Ирактын түндүгүндө баш пааналап жүргөн согуштук түзүлүштөрүнө каршы биргелеше күрөш жүргүзүү жөнүндө убада берген. Бирок, бир жагынан Убактылуу башкаруу кеңешинин каршылыгы, ошондой эле, Иракка эл аралык аскерлердин жиберилүүсүнүн жолун ачкан Коопсуздук Кеңешинин кийинки токтому себептүү, АКШ эми түрк аскеринин Иракка келүүсүнө анча жылуу карабай жатканы байкалат.
Ошондой болсо дагы, түрк аскеринин Иракка жайгаштырылуу мүмкүнчүлүгү бүтүндөй четке сүрүлүп ташталды деп айтууга али эртелик кылат. Анткени, БУУнун Коопсуздук Кеңеши андай резолюция кабыл алган менен, Франсия, Германия өңдүү өлкөлөр Иракка аскердик жардам көрсөтпөй тургандыктарын башынан эле билдиришкен. Вашингтон чоң үмүт байлаган Индия менен Пакистан болсо Ирактын башкаруу кеңешинен ачык түрдө чакырык болбогон чакта өлкөгө аскер жиберүү нийетинде эмес.
Бул тууралуу өткөн жуманын соңунда Вашингтондогу бир жыйында чыгып сүйлөгөн АКШнын Куралдуу Күчтөрүнүн биргелешкен Штабынын башчысы, генерал Ричард Майерс Иракка чет элдик аскерлердин жайгаштырылуусу тууралуу Түркия жана башкача бир топ өлкөлөр менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр бир топко созулаарын билдирди. АКШнын коргоо министиринин орунбасары Пол Волфовиц Түркиянын Вашингтондогу элчиси Фарук Логоглу менен көрүшүп, Майерстин айткандарын кайталады.
“Файнэншл Таймс” аталган гезитте америкалык булактарга таянуу менен берилген бир кабарда болсо, Вашингтон түрк аскерине Иракта өз командачылыгы астында бир сектордун жоопкерчилигин берүүнүн ордуна, эми БУУнун кызматкерлерин коргоо жана аскердик машыгуу уюштуруу өңдүү экинчи маанидеги милдетти жүктөө жагын ойлонуп жаткандыгы билдирилди. Ал эми Түркиянын мындайча мааниси бөксөртүлгөн иш-чаралар үчүн Иракка аскер жиберүүсүн учурдагы шартта күтүш кыйын. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган өткөн жумада Брүсселде жана Португалияда саякатта болгон учурда бул маселеге кайрылып: “Түркия Иракка аскер жиберүүгө кумарланып жаткан жок. Бизди каалашпайт экен, анда биз ал жакка барбай эле койобуз”, - деди.
Кептин чынын айтканда, түрктөрдө “бир таш менен эки кушту атып түшүрүү” деген бир сөз бар. Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү сыртка билгизбесе да, негизинде, бир таш менен эки кушту мелжеп жаткандыгын сопсонун билип олтурат. Анткен себеби, аскер жиберүү чечиминен тайбай, аны парламенттен өткөрүп алуусу аркылуу Вашингтондун көңүлүн алып, өз ара мамилелердеги терс тенденцияны оң багытка бурду. Дал ошол эле учурда, Иракка аскер жибербеген абалда дагы, Анкара БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын шарапаты менен жеңилдик алып, Ирактагы америка окупациясына эл аралык мандат болбогон тапта ага шерик болду деген айыптоолордон да кутулат. Анкара өкмөтүн жана түрк аскер жетекчилигин ойлонткон бир гана түйшүк - бул ПКК маселесинин кандайча чечилээри...