Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

Өлүктөрдү чет өлкөгө жөнөтүү маселеси Мыйзам чыгаруу жыйынында талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынында Кыргызстанда өлгөн адамдардын сөөктөрүн чет өлкөлөргө жөнөтүү маселеси каралды. Маселени иликтеген депутаттык топтун жетекчиси Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, 1996-жылдан 2001-жылдын ноябрь айына чейин Бишкектеги Медициналык академиядан Германияга 800гө жакын кишинин өлүгү товар катары документтештирилип жөнөтүлгөн. Иликтөө учурунда айрым адамдардын өлүктөрү жакын туугандарынын уруксаты жок союлуп, чет өлкөгө жөнөтүлгөндүгү аныкталды. Сөөгү Германияга жөнөтүлүп кетсе да «өлдү» деп катталбагандыктан, алардын айрымдарына бир топ убакыт бою пенсия төлөнгөн. Мындан тышкары, медициналык экспертизанын жыйынтыгында он адамдын киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган. Жыйындын жүрүшүндө Медициналык академиянын ректору Искендер Акылбеков мындай маалыматты жокко чыгарды. Анын айтымында, Кыргызстандан Германияга өлүктөр сатылган эмес. Жөн гана студенттерди окутуу максатында айрым багар-көрөрү жок адамдардын денесинин айрым мүчөлөрү Кыргызстанда жок технология менен кайра иштетүү максатында Германияга жөнөтүлгөн. Талкуу түшкө чейин улантылып, депутаттар «маселени өлкөдөгү тартип коргоо органдары текшерип, кайрадан палатанын кароосуна сунуш кылсын» деген мааниде токтом кабыл алышты.
Ушул эле жыйында Кыргызстандын башкы прокурору Мыктыбек Абдылдаев маалымат берди. Анын айтымында, өлүктөрдү чет өлкөгө жөнөтүү маселеси боюнча буга чейин Ички иштер министрлиги Бишкектеги паталого-анатомиялык бюронун жетекчиси Жума Турганбаевге карата кылмыш ишин козгоп, тергөө соңуна чыгып, иш сотко өткөрүлдү. Мындан тышкары, азыр Ички иштер министрлиги өлүктөрдү чет өлкөгө жөнөтүүгө көмөктөшкөн айрым түрмө кызматкерлерине карата жана киши колдуу болуп өлгөн атуулдарга байланыштуу кылмыш иштерин козгоп, алар боюнча тергөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG