Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Баңгизаттар менен күрөшүү боюнча эл аралык агенттик Ооганстан боюнча билдирүү жасады


Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар боюнча агенттиги Ооганстан маң заттар менен соодага бөгөт коймоюнча, өлкө өнүгүп өсө албайт деп билдирди.
Бүгүн Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча эл аралык агенттиктин директору Антонио Мрайа Коста маңзаттарды иштеп чыгуучу лабораториялар түп тамырынан жок кылынып, баңги соодасына кеңири тартылган террорчулар менен согушчандардын иш-аракеттерине каршы чечкиндүү чаралар көрүлө баштабаса, Ооганстандын келечеги күмөн туудурат, - деген пикирин билдирди.
Анын баамында, өлкөнүн жаңы уюшулган инфраструктуралары баңгикартелдер менен террорчулардын колуна өтүп кетиши толук ыктымал.
Ооганстан апийим өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлейт.

XS
SM
MD
LG