Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

ООГАНСТАНДАГЫ АПИЙИМ ӨНДҮРҮШҮ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыш боюнча башкармалыгы 29-октябрда Ооганстан тууралуу атайын очтет жарыялады. Анда Ооганстандагы апийим өндүрүү эбегейсиз деңгээлге жетип, өлкөнүн келечегине коркунуч түзө баштаганы жөнүндө айтылат.

Башкармалыктын төрагасы Антонио Мариа Коста жаңы отчетту коомчулук менен 29-октябрда Маскөө шаарында тааныштырды. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, акыркы мезгилде Ооганстанда апийим өндүрүү эбегейсиз өнүгүп, ал өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнүн өзүнө коркунуч түзө баштады.

Өткөн 2002-жылы апийим Ооганстанда 80 миң гектарга себилген жана бул аянт мурдагы жылдагыга караганда, сегиз пайызга көп. Жыйналып алынган апийимдин көлөмү болсо алты пайызга өсүп, үч миң 600 тоннага жеткен. Эгер 1999-жылы апийим өлкөнүн 32 провинциясынын он сегизинде эгилген болсо, былтыр аны өстүргөн провинциялардын саны жыйырма сегизге жеткен.

Апийим жана андан жасалган героинди сатуудан түшкөн акчанын көлөмү былтыр 30 миллиард долларга жетти, дүйнө жүзү боюнча өндүрүлгөн баңги заттарынын төрттөн үчү азыр Ооганстандан чыгат. Бирок андан түшкөн 30 миллиард доллардын эки миллиард 300 миллион доллары гана апийим өстүргөн фермерлерге тийет, калган акча болсо негизинен ортомчулар менен аймак жетекчилеринин колунда топтолот жана ошондуктан алар борбордук бийликке баш ийбей, мамлекеттин бүтүндүүлүгүнө коркунуч түзүүдө. Баңги соодасынан түшкөн каражаттын орчундуу бөлүгү террорчулук аракеттерине да жумшалат жана бул дагы өлкө келечегине ири коркунуч жаратууда.

Бириккен Улуттардын башкармалыгы мурда да мындай отчетторду даярдап-жарыялап келген, бирок азыркы документти түзүүгө Ооганстандын жаңы өкмөтү өзү да катышты жана Башкармалыктын Борбор Азия менен Чыгыш Европа боюнча жетекчиси Владимир Фенотеповдун пикиринде, мындай кызматташуу - оң көрүнүш:

- Бул отчет алгачкы жолу Бириккен Улуттар Уюму менен ооган өкмөтүнүн биргелешкен аракетинен жаралды. Аны түзүүгө баңги заттар маселеси боюнча Ооганстанда жаңы пайда болгон башкармалык катышты, ал өз милдеттерин аткарууга өтө кызыкдар экенин көрсөтүүдө жана биз, албетте, аны менен тыкыз кызматташууга аракеттенүүдөбүз.

Ооганстанда апийим өндүргөндөрдүн колуна тийген эки миллиард 300 миллион доллар - өлкөнүн бир жылдык дүң өндүрүшүнүн жарымына барабар жана бул көрсөткүч - абал канчалык коркунучтуу экенин көрсөтөт. Өлкөнүн дүң өндүрүшүн киши башына бөлгөндө, ар бир адамга жыл сайын 184 доллар тийет, апийимдин өндүрүшү болсо киши башына 594 доллар түзөт.

Эгер мындай абал дагы уланса, чындап эле Ооганстан келечекте мамлекет болбой калышы мүмкүн же "Ооганстан" деп аталган апийим өндүрүүчү компанияга айланат. Кээ бир эксперттердин айтымында болсо, Ооганстандагы наркоөндүрүш - аны менен жөнөкөй демократиялык саясат же катардагы чаралар менен күрөшүү мүмкүн болбой калган деңгээлге жетти жана аны ооздуктоо үчүн катуу авторитардык бийлик талаптуу. Мисал үчүн, советтик аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенден кийин өлкөдө бир нече жыл бою орун алган ич-ара согуш учурунда дагы апийим өндүрүү Ооганстанда өтө өнүгүп кеткен, бирок бийликке талиптер келгенде, алар катуу чараларды көрүү менен аны дээрлик жок кылууга жетишкен.

Экинчи жагынан, жыйырма жылдан бери тынч турмуш көрбөй калган ооган элинин жан багууга башка чарасы да калбай калды жана үй-бүлөгө бир кесим эт алып келүү үчүн, көптөгөн жарандар баңги заттарын таратууга башын байлайт, ага бир жолу кирип алгандан кийин болсо, артка кайрылуу өтө татаал.

XS
SM
MD
LG