Орусиянын басма сөз каражаттары билдиргенге караганда, өлкөдө декабрда өтө турган парламенттик шайлоого катышууга 23 уюм катталды, алардын он сегизи саясий партия, калган бешөө - ар башка блоктор. Мамлекеттик думанын 450 депутатынын жарымы саясий партиялардын тизмелери боюнча шайланууга тийиш.