Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Кыргызстандын сейсмикалык станциясы дүйнөлүк маалыматтардан пайдалана турган болду


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Алаарча» сейсмикалык станциясы Эл аралык сейсмикалык мониторингге кирет. Венада өткөн, глобалдык байланыш инфраструктура маселелерине арналган семинардын учурунда ушундай макулдашуу кабыл алынды. Өткөн аптада болгон бул семинар Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Өзөктүк куралдарды сыноого тыюу салуу жана аны көзөмөлгө алуу боюнча аткаруу комитети тарабынан уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын сейсмологиялык экспедициясынын төрагасы, Венадагы жыйынга катышып келген Бекташ Ильясов кабарлады. Анын айтымында, сөз болуп жаткан макулдашуу жергиликтүү сейсмологдордун дүйнөлүк маалыматтан пайдалануусуна шарт түзөт.

XS
SM
MD
LG