Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 18:24

БУУда жаңы эксперттик комиссия түзүлдү


БУУнун баш катчысы Кофи Аннан дүйнөлүк коопсуздукка коркунуч туудуруучу негизги булактарды аныктоочу эксперттик комиссияны дайындады. Учурдагы мезгил талап кылган ар кандай дүйнөлүк кризистерди чечүүгө кубаты жеткен БУУнун Коопсуздук Кеңеши, Башкы Ассамблея, Социалдык-экономикалык Кеңеш сыяктуу эле жаңы түзүлгөн комиссия түрдүү маселелерге карата өз баасын бере алат. Эксперттик топ 16 адамдан турат. Алардын ичинде АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча мурдакы кеңешчиси Брент Скоукрофт жана мурдакы орус премьери Евгений Примаков бар.

XS
SM
MD
LG