Анкаранын өкүлү журналисттерге билдиргендей, Түркия Ирактагы АКШ жетектеген коалициялык күчтөргө колдоо көрсөтүү максатында ал жакка өз аскерлерин жөнөтпөй турган болду. Ушундай чечим өткөн түнү Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл телефон аркылуу АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен маектешкен соң кабыл алынган.