Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:59

Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселелер Москвада талкууланат


Бул максатта бүгүн Орусияга Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңешинин катчысы Хасан Роухани келүүдө. Орусия Иранга Бушер шаарында атомдук электростанция курууда технологиялык жактан жардам көргөзүп жатат. Москвага келээр алдында Хасан Роухани Венада МАГАТЭ уюмунун башчысы Мохаммед эл -Барадейи менен кездешти. Анын айтымында,Тегеран өзүнүн өзөктүк жайларында эл аралык инспекция кең-кесири жүргүзүлүшүнө расмий макулдук берген катты МАГАТЭге алдыдагы аптада жөнөтмөкчү. Мунун аралыгында, бүгүн Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Асефи да Тегеран жакынкы бир нече күндүн ичинде уранды байытуу иштерин токтотоорун жана Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин Кошумча протоколуна кол коюуга даяр экенин жарыяларын ырастады.

XS
SM
MD
LG