БИШКЕК. 11-13-ноябрда Ташкенде Борбор Азиядагы экономикалык кызматташтык боюнча министрлер деңгээлиндеги II конференция болот. Ага Кыргызстандан финансы министри Болот Абилдаев катышат. Бул тууралуу бүгүн Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ташкен конференциясына дүйнөлүк финансы уюмдарынын өкүлдөрү, региондогу мамлекеттердин министрлер жетектеген делегациялары катышат. Жыйындын кароосуна Борбор Азиядагы экономикалык кызматташтык туурасында расмий өкүлдөр даярдаган отчет сунушталат. Анын соңунда министрлердин билдирүүсү кабыл алынат.