Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

«АЛ-КАЙЫДА» СТРАТЕГИЯСЫН ӨЗГӨРТТҮБҮ?


Байян Жумакадыр кызы, Прага Сауд Арабиянын баш калаасында дүйшөмбүгө караган түнү болгон терорродук чабуул “ал-Кайыда” террорчулары мусулман өлкөлөрүнүн өздөрүн, атап айтканда, араб өлкөлөрүн бутага ала башташканбы деген суроону жаратты. Эр-Риядда болгон соңку жардырууда 17 киши мерт болуп, 120дан ашуун киши жарат алды. Чет элдиктер жашаган турак жай комплексине жасалган чабуулдан жабыркаган адамдардын көбү-арабдар.

Кабинеттин дүйшөмбү күнү өткөн чукул жыйынында өлкөнүн өкмөтү Сауд Арабиянын коопсуздугун камсыздоого, карапайым саудиялык жана чет элдик жарандардын өмүрүнө шек келтире турган кылмышкерлерге каршы катуу чара көрүлө турганын билдирди. Жардыруунун артында кимдер тургандыгы белгисиз, бирок эксперттердин көбү террордук чабуул “ал-Кайыда” террордук уюмунун колунан келгенин айтып жатышат. Теги сауд арабиялык Усама бин Ладен жетектеген бул уюмдун 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга жасаган террордук чабуулун ишке ашырган 19 кишинин, бери дегенде, 15и Сауд Арабиянын жарандары болгондугу болжолдонот.

Бирок көптөгөн байкоочулар “ал-Кайыда” уюмунун стратегиясы өзгөргөндүгүн боолголоп жатышат. Каргашалуу 11- сентябрдагы чабуулдан кийин террорчу уюм Американын өзүнө катылган жок, бирок андан бери анын чабуулуна Кения, Индонезия жана Сауд Арабиядагы объекттер дуушар болду. Белгилей кетүүчү жери, Эр-Рияддагы соңку чабуулдан көбүнчө батыштыктар эмес, араб өлкөлөрүнөн келген жарандар жабыркады. Террордук чабуулдан жарат алып, ооруканага жеткирилген бир араб аял мындай деп божомолдойт:

- Турак жай комплексинде жашагандардын арасында чет элдиктер бар. Бирок тургундардын үчтөн экиси, арабдар. Арабдардын үчтөн эки бөлүгү болсо ливандык жарандар. Мен бул кол салуунун максаты эмне экенин түшүнбөйм. Бул чет элдиктерге каршы жасалган чабул эмес, тек гана кишилерди зыянга учуратуу үчүн жасалган аракет.

Бирок Жорж Вашингтон университетинин профессору Ричард Браун чабуулдар эмне себептен арабдардын өздөрүнө каршы багытталганын түшүндүрүү кыйын экенин белгилеп, уюмдун стратегиясы өзгөрдү дегенде азырынча эртелик кылаарын айтат.

Р.Браун:
- Менин ойумча, ахвалды толук түшүнүү үчүн биз уюмдун өзүнөн же аны менен байланышы бар булактардан кандайдыр бир билдирүү же кабар келишин күтө туруубуз керек. Террордук чабуулдун артында “ал-Кайыда” турат деп ишенимдүү айтуу азыр кыйын.

Браун эгер дүйшөмбүнүн түнүндөгү терактты “ал-Кайыда” жасаганы аныкталса, анда анын стратегиясынын өзгөргөндүгү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн болоорун кошумчалайт. Сауд Арабиянын падышасын тактан кулатуу бир кезде «ал-Кайыданын» максаты болгон. Анын жетекчиси бин Ладен Американын айткандарынан чыкпаган сауд падышалыгын жоготкусу келип жатканын жашырган эмес. Бирок мындан он чакты жыл мурда уюм мусулман өлкөлөрүн бутага алгандан көрө, ошол мусулман өлкөлөрдүн коррупцияланышына түздөн түз салым кошуп, ал өлкөлөргө өз аскерлерин жайгаштырып, мусуман дүйнөсүн ич ара жиктеген Америка Кошмо Штаттарын мээлөөнү чечкен, дейт профессор Ричард Браун.

Ал эми АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Ричард Армитиж соңку чабуул Сауд Арабиянын падышалык өкмөтүнүн пайдубалына жарака кетирүү үчүн жасалганын божомолдойт. Мисирдин баш калаасы Каирде дүйшөмбү күнү өткөргөн пресс-конференциясында Армитиж:

- «Ал-Кайыда» падышаны бийликтен кулатканга ниеттенип жатканы айдан ачык.

Армитиждын бул пикирин АКШлык серепчи Жудит Киппер да колдойт. Ал америкалык аскерлер Сауд Арабиядан мындан үч ай мурда толук чыгарылып кеткендигин белгилеп, негизинен карапайым арабдарды жабырланткан дүйшөмбү күнкү чабуул менен террорчулар, иш жүзүндө, падышанын бийлигин солкулдатканга аракеттенишкенин билдирет. Ошол эле маалда Киппер 11-сентябрдан кийин Американын жана башка өлкөлөрдүн расмий объекттерине кол салуу кыйын болуп калганын түшүнгөн алкайыдачылар эми кол салганга оңой болгон карапайым жарандарды бутага ала башташканын боолголойт.

Ошондой болсо да, Киппер террорчулардын өкмөттү төңкөрүү пландары ишке ашпай турганына ишенет. Анткени май айында болгон теракттан кийин өлкөдө реформаларды жүргүзүү керек экенин аңдаган сауд өкмөтү, калктын талабына мойун сунуп, жергиликтүү шайлоо өткөргөнгө убада берди. Арийне, өзгөрүүлөр бир күндө эле боло койбойт, бирок сауд падышалыгы реформаны кечеңдетүү кооптуу боло турганын түшүндү дейт Киппер.

XS
SM
MD
LG