Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:29

Талас районунун мектептери кышка даяр эмес


ТАЛАС. Райондук прокуратура райондогу 29 мектептин кышка даярдыгын текшерип кѳрүп, ушундай жыйынтык чыгарды. Райондун прокурору Жеңишбек Кушчиевдин маалыматы боюнча, 11 мектеп кѳмүр менен, 18 мектеп электр кубаты менен жылытылат. Кѳмүр сатып алыш үчүн 140 миң сом Талас облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы «Талас ресурсу» мекемесине быйыл 29-августта которулуп, келишим түзүлгѳн. Бирок «Талас ресурсу» өз милдеттенмесин аткарбастан, 140 миң сомду Талас райондук мамлекеттик салык инспекциясынын наамына алынган буудай үчүн которуп жиберген. Натыйжада райондогу 11 мектептин окуучулары суукта үшүп, сабак окушууда.

XS
SM
MD
LG