Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму Юстиция министрлигин сотко бермек болду


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму Юстиция министрлигин сотко берет. Мындай маалымат бүгүн уюмдун төрайымы Төлөкан Исмаиловадан алынды. Анын билдиргенине караганда, буга министрликтин Рамазан Дырылдаев жетектеген Адам укуктары боюнча кыргыз комитет мүчөлөрүнүн ич ара ыдырашына жол берип, комитетти мамлекеттик реестерден кайра өткөргөндүгү негиз берди. Азыр комитеттеги чатакка байланышкан бардык жагдайларды юристтер иликтеп, арыз даярдап жатышат. Ал эми юстиция министринин орун басары Нурлан Алымбаев Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин министрлик кайра каттоодон өткөрбөгөндүгүн жана комитеттин ички ишине кийлигишпей тургандыгын «Азаттык» радиосунун кабарчысына бүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG